Бүгүн Өзгөн районуна караштуу Эски-Покровка айылында жаңы курулган «Кекилик-Учар бейити» мемориалдык комплексинин бет ачары өттү.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага МинКаб төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев катышты.
Аталган мемориалдык эстелик Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ХХ кылымдын 1920-1953-жылдары массалык түрдө курман болгон ата-бабаларыбыздын жаркын элесине арналып, зыярат кылып куран окуп эскерип туруу үчүн курулду.
Иш-чаранын алкагында мемориалдык комплексинин жанына гүл чамбар коюлуп, анда коюлгандар бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди.
Жергиликтүү тургундардын айтуусуна караганда “Кекилик-Учар” тилкесинде эски мүрзө жайгашкан. Аталган жерге 1900-1930-жылдары Эски-Покровка жана Алга айылынын тургундарынын каза болгон орус, чечен, татар жана кыргыз улутундагы жарандардын сөөктөрү коюлуп, мүрзө катары колдонулуп келген. Ал эми 1930-1955-жылдарда Эски-Покровкада жайгашкан түрмөдө каза болгон адамдардын, репрессия курмандыктарынын сөөктөрү ушул мүрзөгө арабалар менен ташылып келип, жай каздырып массалык түрдө көмүп турушчу деп айтылат.
Ал эми улгайган карыялардын айтымында, репрессияда түрмөгө камалып, ошол бойдон дайынсыз болуп кеткен жарандардын дагы сөөктөрү Кекилик-Учар мүрзөсүнө көмүлгөнү айтылат.
Акыркы учурда Баткен, Ош, жана Жалал-Абад облусунун жарандары Кекилик-Учар мүрзөсүн издеп келип, куран окуп кеткен адамдар көбөйгөн. Айрымдары тосмо тосуп да кетишет. Ошол себептен, Кекилик-Учар мүрзөсүн эскерүү жайы катары “Кекилик-Учар бейити” мемориалдык комплекси деп жаңыдан курулган.
Комплекстин курулушу демөөрчүлөр тарабынан каржыланган. Жергиликтүү бюджеттен тазалоо, курулушка даярдоо, айланасын көрктөндүрүү, корукка алуу жана жолду асфальттоо иштери каржыланган.