whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
15.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомИИМ: Түрмөдө опузалап акча талап кылган шектүүлөр аныкталды

ИИМ: Түрмөдө опузалап акча талап кылган шектүүлөр аныкталды

Түрмөдө опузалап акча талап кылган соттолуучулар аныкталгандыгын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте эркинен ажыратылган жайларда акча каражатын опузалап талап кылуу фактыларынын бетин ачуу боюнча биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери узак мөөнөткө соттолуп, жазасын өтөп жаткан адамдар эркиндикке чыгып жаткан жарандан акча каражатын опузалап жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан.

Алар шантаж жана коркутуу жолу менен өздөрүнө уюлдук телефон сатып алууну талап кылышкан. Бул факт боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Опузалап жаткандардын талабы боюнча, тез арада төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тиркемелерди жүктөлгөн телефон эркиндикке чыккан адамдын атына катталуусу керек болгон. Бул телефондор алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иштерин, пландарды ишке ашыруу максатында жасалышы мүмкүн.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында сатып алынган телефондор белгисиз жаранга (кийинчерээк опузалоочулардын биринин тууганы экени аныкталган) берилген жана ал ИИМдин жана ЖАКтын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жеке текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан эки уюлдук телефон табылып алынган.

Маалыматтарга караганда, опузалап талап кылууга шектелген жарандар А.Э. жана У. С. оор кылмыштары үчүн соттолуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Учурда опузалап акча талап кылуу фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар