Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы борбор калаада көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча көзөмөл иштерин улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жыл башынан бери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча 43 927 чарбалык субъектилер, уюмдар, компаниялар жана жеке адамдар текшерилди. Мыйзам бузуу фактылары боюнча жалпы суммасы 95 млн 596 миң сомго 8248 протокол түзүлдү. Эң көп мыйзам бузуу фактылары юридикалык жактарда – 5318 учур, ал эми жеке жактарда – 2930 учур катталган.
Эң кеңири тараган мыйзам бузуулар:
— Бишкек шаарында көрктөндүрүү эрежелерин бузуу боюнча 114-берене – 3891 факт;
— Тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерлерге төгүү жана сактоо – 1103 факт;
— Жашыл өсүмдүктөрдү айдоо, кыюу, зыян келтирүү, жашыл чөптөргө автоунаа коюу, өз алдынча жолдорду куруу, канализациялык, өндүрүштүк жана дренаждык сууларды агызуу – 725 факт;
— Өндүрүштүк жана медициналык таштандыларды уруксат берилбеген жерлерде төгүү жана сактоо – 700 факт;
— Жолдун жана көчөнүн булганышы, курулуш-ремонт иштеринен кийин бузулган жолду калыбына келтирбөө – 365 факт;
— Жарнамаларды, жарыяларды, баракчаларды жана плакаттарды уруксат берилбеген жерлерге чаптоо – 321 факт;
— Жолду, темир жол өтмөктөрүн бузуу – 256 факт;
— Көрсөтмөлөрдү аткарбоо – 223 факт;
— Тыюу салынган заттарды күйгүзүү – 215 факт;
— Соода эрежелерин бузуу – 127 факт.
Мэрия учурда мыйзам бузуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жеке жана юридикалык жактарга көрктөндүрүү эрежелерин дайыма сактоо зарылдыгы эскертилип жатканын белгиледи.
Эске салсак, муниципалдык инспекция ушул жылдын январь айында борбор калаадагы көрктөндүрүү эрежелерин сактоо жана атмосфералык абанын булгануусун алдын алуу максатында түзүлгөн.