whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.03.2025
18.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Швейцариянын консулдук багыттагы кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Швейцариянын консулдук багыттагы кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз тараптын демилгеси менен Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Кристоф Годин менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук багыттагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, Жумакадыр уулу Кыргызстан чет өлкөлөр менен визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жана Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө жүрүүсүн жеңилдетүү маселелери боюнча чет мамлекеттер менен макулдашууларды түзүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, кыргыз тараптын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режим киргизүү тууралуу эки тараптуу макулдашууга Кошумча протокол түзүү сунушун кароо өтүнүчүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тыгыз байланышты улантууну макулдашышты.

Тактап кетсек, Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визадан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга 2016-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги Франция, Эстония, Латвия, Польша, Чехия, Словакия, Словения өлкөлөрүнө виза берүүгө укуктуу.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар