Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрында 12 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,4 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 28,2 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 3,7 пайызга көбөйгөн.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрында 3,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 15,2 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (72,5 пайыз) жана Казакстанга (25,7 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)