Четверг, 26 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

Парламент 9 мектептин курулушун камсыздаган мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов маалымат берди.

Эл өкүлү Улугбек Ормонов билим берүү мекемелеринин курулушунда коммуникациялык иштерди жергиликтүү бийликке жүктөө туура эместигин айтып, бардык маселелерди республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүүнү белгиледи.

Талкуу учурунда депутат Жанарбек Акаев келишимдин негизинде алынуучу каражаттардын суммасын, салынуучу мектептерди сурады.

Депутат Илимбек Кубанычбеков мектептердин курулуш мөөнөттөрүн, ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусуна салынуучу мектептин ордун тактады.

Тактап кетсек, макулдашууда грант берүү тартиби каралган. Ал ЕАӨБ Кыргыз Республикасында 9 жалпы билим берүү уюмунун курулушун, аларды материалдык-техникалык жактан жабдууну жана Кыргызстанга өткөрүп берүүнү камсыз кылат.  Мектептердин курулушу жана материалдык-техникалык жактан жабдылышы аяктагандан кийин ЕАӨБ аларды Кыргызстанга акысыз жана кайтарымсыз (гранттык) негизде өткөрүп берет.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар