(Башталышы өткөн санда)
Каттоо жокко чыгарылып, жер участогу тартылып алынмак болгон
“Жайыл пиво заводу” АКсына Жайыл раймамадминистра-циясынын 03.03.1998-ж. №143 токтому менен пиво завод ээлеп турган 3,69 га жер участогу бекитилип берилип, 12.04.2000-ж. “Жайыл пиво заводу” АКсына жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга укукка 026387 сериядагы №347 мамлекеттик акт берилген.
Бирок, Конституциялык соттун жогорудагы чечиминен кийин раймамадминистрациянын 05.01.2001-ж. №2 токтому менен “Жайыл пиво заводу” АКсынан жер участогу кайра алынып жана Кыргыз керек-жарак коомдорунун жана кооперативдеринин Калинин пиво заводуна бекитилип берилген, а 10.01.
2001-ж. жер участогун пайдаланууга укукка 001255 сериядагы №130 мамлекеттик акт
берилген.
Ушундан улам Чүй облусунун арбит-раждык сотунда “Жайыл пиво заводу” АКсынын Жайыл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына карата доосу каралып, 06.11.2001-ж. аныктамасы менен жер участогун пайдаланууга укукка берилген 10.01.2001-ж. 001255 сериядагы №130 мамлекеттик акт жараксыз деп табылган.
Бул аныктама биринчи инстанциядагы сотко өз алдынча талаптары жок үчүнчү жак катарында тартылган Кыргызкерек-жарак союзу тарабынан Чүй облусунун арбитраждык сотунун апелляциялык инстанциясына даттанылуу менен каралып, анын 21.02.2002-ж. токтому менен өзгөртүүсүз калтырылган.
Бул эки соттук чечимдерде жүйөөлөнгөндөй, Калинин пиво заводу статистика органдарынын маалыматтар базасында жок, тактап айтканда, “Жайыл пиво заводу” АКсы катталганына байланыштуу реестрден чыгарылып салынган.
Дагы тактап айта кетсек, талаш каралып жаткан учурда Кыргыз керек-жарак коомдорунун жана кооперативдеринин Калинин пиво заводу деген ишкананын өзү жок болгон!?
Ошондуктан Жайыл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан ага 10.01.2001-ж. берген Б 001255 сериясындагы №130 Жерди пайдала-нууга мамлекеттик актысы берилгенинин өзү абсурд.
“Кайра тирилген “Калинин пиво заводу”
Ушул жерден “Калинин пиво заводу” кайдан чыга калды деген мыйзамдуу суроо жаралат. Ага да Конституциялык соттун чечими таасир эткен.
Конституциялык соттун 04.12.2000-ж. чечиминен кийин Чүй облустук юстиция башкармалыгы 12.12.2001-ж. №915 буйругу менен Кыргыз керек-жарак союзунун Калинин пиво заводу ишканасынын уюштуруу-укуктук формасын “Кыргыз керек-жарак союзунун Калинин пиво заводу” жоопкерчилиги чектелген коомуна кайра түзүлүшүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоо жүргүзө койгон. Ошону менен бир эле ишкана эки башка аталыш менен катталып, алардын ортосунда талаш, соттук териштирүүлөр жүргөн.
Бирок, кийин териштире келгенде аныкталгандай, “Кыргыз керек-жарак союзунун Калинин пиво заводунун” уюштуруу документтерин 29.11.2001-ж. мамлекеттик кайра каттоого берүүдө арыз берүүчү юстиция башкармалыгын адаштыруу менен дал келбеген маалыматтарды, атап айтканда, бухгалтердик балансты, статистикалык каттоо картасын берген.
Андай жасалмалоо аныкталгандан кийин Чүй облусунун юстиция башкармалыгы 18.01.2002-ж. №35 буйругу менен өзүнүн 12.12.2001-ж. №915 буйругун кайра жокко чыгарган.
Талашта “тарап” болуп берген мамлекеттик органдар
1996-жылы Калинин пиво заводу “Жайыл пиво заводу” АКсы болуп акционерлештирилип, кайра түзүлгөндөн кийинки 3 жыл аралыгында сабаттуу менеджменттин жана эмгек жамаатынын талыкпаган аракетинин натыйжасында ага чейин дээрлик банкрот абалда болгон ишканадагы өндүрүштүк көрсөткүчтөр өсүп, продукция-
лардын жаңы түрлөрү өздөштүрүлүп, эмгек акылар, салыктар, социалдык фондго төлөмдөр өз убагында төлөнө баштаган. 1999-жылдын августуна карата ишканадагы рентабелдүүлүк 15 пайызды түзүп, 78 адам иштеген.
Дагы бир цифраны келтире кетүү ашыкча болбос. Ишканадагы дүң продукциянын көлөмү 1996-жылы 500 миң сомду түзсө, 2004-жылы ал дээрлик 30 эсеге (!) өсүп, 15 миллион сомго жеткен! Жеке кызыкчылыктарды эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон чиновниктер болсо, мындай ишканага бут тоспостон, тескерисинче, колдоого алууга тийиш эле. Тилекке каршы, А.Акаевдин тегерегинде коррупционерлер чогулуп, коррупция жалпы өлкө боюнча гүлдөп турган ал учурда мамлекеттин да, адамдардын да кызыкчылыктарын ойлогон чиновниктер, укук коргоо жана сот органдарындагы адамдар сейрек болуп
калышкан!
Ишкананын ишине бут тоскон, жогорудагы соттук териштирүүлөрдөн тышкары, республикалык, облустук жана райондук салык инспекциялары, Чүй контролдук текшерүү башкармалыгы, Өкмөткө караштуу Финансы контролу боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан тынымсыз текшерүүлөр жүргүзүлүп, ишкананы ишине тоскоолдуктар түзүлүп турган.
Андан тышкары талашкан тараптын – Кыргыз керек-жарак коомунун башкармалыгынын төрагасы М.Эсеналиевдин арыздары менен башка мамлекеттик органдар тарабынан да текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Прокуратура жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкармалыктын кызматкерлеринин жардамы менен инвентардык иш да алынып коюлган. Ишкананын жетекчилерине карата кылмыш иштер козголуп, анын иштөөсүнө тоскоолдуктар жаратылган.
Акырында салыктар өз убагында төлөнүп турганына карабастан, салык боюнча карыз бар делип, банкроттуулук жарыяланып, ишкана жабылып тынган…
А бул өзүнчө макала жазуу үчүн тема болуп берет.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”