whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЖээнбек Кулубаев Анголанын вице-президенти менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев Анголанын вице-президенти менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Анголанын вице-президенти Эсперанса Мария Эдуарду Франсишку да Кошта менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Баку шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP29) Тараптар конференциясынын 29-сессиясынын алкагында болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоо өтүнүчүн билдирди. Ал ошондой эле Анголага Кыргыз Республикасынын Африка Биримдигинде байкоочу статусун алуусун колдоону өтүндү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Анголанын Тышкы байланыштар министрлигинин ортосундагы саясий консультацияларды өткөрүү механизмин түзүү боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюунун расмий аземи болду.

Документке КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Анголанын тышкы иштер министринин орун басары Эсмиралда Мендонча кол коюшту. Бул өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болду, ал ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча консультацияларды өткөрүүнүн жана эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча пикир алмашуунун үзгүлтүксүз механизмин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар