Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

УКМКнын Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялайт. Талапкерлерге талаптар

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

  • жашы 17-21 жашка чейин;
  • бою 170 см жогору;
  • салмагы кеминде 60 кг;
  • билими, орточо баллы 4,0 төмөн эмес (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель) толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплому;
  • өзү, анын ичинде жакын туугандары сот жообуна тартылбаган;
  • өзүнүн, анын ичинде жакын туугандарынын чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу.

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:

  • дарыгерлердин күбөлөндүрүүсүнөн өтүү;
  • дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
  • психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);
  • полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
  • кирүү экзамендерин тапшыруу.

Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаарынан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;
  • Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.: 0 (312) 54-07-19;
  • Ош шаары жана Ош облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
  • Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
  • Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
  • Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
  • Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
  • Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.

Атайын кызмат окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кошумча маалымдай турганын белгилейт.

Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар