Бишкекте көмүр сатуучу жайларга рейд жүрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов акимчилигинин кызматкерлери, муниципалдык инспекция, МККБ, МАБ өкүлдөрү менен биргеликте Курманалиев көчөсүнөн Дордой-2 конушуна чейинки айланма жолдун боюндагы пункттарды текшерди.
Жыйынтыгында мыйзам бузган көмүр сатуучу жайлардын ээлерине 39,5 миң сом айып салынды.
Бул багыттагы иштер улантылууда.