Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Кыргыз-америка кызматташтыгынын бир катар маселелери талкууланды

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулап, саясий диалогго, экономикалык кызматташтыкка, инвестициялык жана гуманитардык маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Кулубаев АКШда президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде С5+1 форматынын алкагында мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Вигери АКШнын Кыргызстан менен эки тараптуу деңгээлде жана С5+1 регионалдык платформасынын алкагында кызматташтык бекемдерин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап ачык диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө болгон ишенимин билдиришти.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар