Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркияда жашаган кыргызстандык жарандар менен салттуу жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууга 150дөн ашык мекендештер катышты. Алар: Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, аскердик жана укук коргоо академияларынын курсанттары, маданият жана искусство ишмерлери, ишкерлер жана Түркиянын аймагында убактылуу жүргөн жарандар.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жүрүүсүнө жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерге тиешелүү маанилүү маселелер боюнча диалог болду.

Элчи Казакбаев мекендештерге Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жакында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары, ошондой эле кол коюлган эки тараптуу документтер тууралуу маалымат берди.

Казакбаев өз сөзүндө Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерин белгилеп, өлкөдө туруктуулукту, экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана жаңы өнөр жай жана социалдык объектилердин ачылышы боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтты.

Ошону менен бирге элчи Түркияда жүргөн мекендештердин өлкөнүн маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу чоң экенин белгилеп, ар бир жарандын жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.