Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

УКМК кызматкерлери президентке карата эки кол салууну алдын алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери президент Садыр Жапаровго карата эки кол салууну алдын алды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

«Мага карата 5-6 кол салуу даярдалган. Атүгүл мен жүрө турган жолду жардырууга аракет кылышкан. Атайын кызматтардын жана милициянын сактыгы алардын пландарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген жок», — деди ал.

Ташиев белгилегендей, мындай аракеттер уланууда жана алар үчүн чоң өлчөмдөгү финансылык каражаттар бөлүнүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну, «Рус Коен» жана «Руслан Бостеринский» деген каймана аттары менен белгилүү болгон жаранды кармаганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал УКМКнын жетекчилигине кол салууну уюштурууну пландаган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар