whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте жаза аткарууда экстремизм идеологиясынын жайылышын алдын алууга багытталган конференция өтүүдө

Бишкекте жаза аткарууда экстремизм идеологиясынын жайылышын алдын алууга багытталган конференция өтүүдө

Бишкекте «Пенитенциардык мекемелерде экстремизмдин пайда болушу жана жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду дерадикалдаштыруу жана ресоциалдаштыруунун актуалдуу маселелери: эл аралык тажрыйба жана инновациялык мамилелер» аталышындагы аймактык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференцияны юстиция министри Аяз Баетов ачып, бүгүнкү күндө түзөтүү тутумдарында экстремисттик багыттагы терс аракеттерге каршы күрөшүү Кыргызстанда гана эмес аймактагы көйгөйлүү маселе экендигин белгиледи.

Иш-чарага Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген тиешелүү адистер, министрликтин жана Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү катышып, доклад жасоодо.

Белгилей кетсек, иш-чара Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте уюштурулган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар