Негизинен Кыргызстандын кендеринен ар кандай баалуу жана техникалык (инженердик) металлдар казылып алынат. Техникалык металлдар көбүнчө курулуш жана өнөр жайда колдонулса, ал эми баалуу металлдар экономикалык жактан кымбат баалуу жана эл аралык базарларда көбүрөөк инвестициялык кызыгууну жаратат.
Ачык маалыматтардан белгилүү болгондой, биздин өлкөдө алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы палладий, родий ж.б. ондогон стратегиялык маанидеги баалуу кендер бар. Алардын ичинен алтын жана күмүш өндүрүү өлкөнүн экспортунун негизги булагы болуп келүүдө.
Геологиялык кызматтын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Адистер алардын айрымдарында баалуу металлдын көлөмү аз болгонуна байланыштуу, жеринде өндүрүш ачууга кызыкчылык жок экенин айтышат. Алтын кендеринин ичинен эң ирилери – Кумтөр, Жер-Үй, Талды-Булак Сол жээк, Бозумчак, Макмал,Үңкүр-Таш, Иштамберди кендери.
Ал эми күмүш кендеринен азыркы учурда нак күмүш кездешкен бир гана Күмүштак кенин айта алабыз. Бирок күмүш дээрлик бардык алтын жана полиметалл кендеринин курамында кезигет.
Эмесе, өлкөбүздүн мактанычы Кумтөрдөн сөз кылалы. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеэештин 14-ноябрдагы жыйынында: “27 жылда 400 тонна алтын өндүрүп, бирок Кумтөрдөн болгону 100 млн. доллар дивиденд алсак, азыр 2,5 жылда 38 тонна алтын өндүрүп – 291 млн. доллар дивиденд алдык, ал эми салыктык ж.б. төлөмдөрдөн бюджетке 3 жылда 990 млн. доллар түштү”, – деп билдирген.
Жалпы алганда толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд. 77 млн. доллардан ашкан. МинКаб Төрагасы белгилегендей, бул жыйынтык 30 жылдан бери биринчи жолу иш жүзүндө кыргыз мамлекетинин экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыктары корголгонун көрсөтөт. Чындыгында жогорудагы маалыматтан көрүп турганыбыздай, Кумтөр кени тышкы башкарууда болгондо мамлекет дивиденддин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келген.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылы “Центерра” компаниясы менен келишимге кол койгондон кийин, “Кумтөр” алтын ишканасы толугу менен өлкөнүн менчигине өткөн. Ошентип, аталган ишкана мамлекетке өткөн соң ресурстар өлкө тарабынан башкарылып, андан түшкөн каражат мамлекетибиздин жалпы эле өнүгүшүнө жумшалууда. Муну азыркы учурда баарыбыз эле сезип жатабыз.
Ошентип, баалуу металлдардын рыногун түзүү, өнүктүрүү өлкөнүн экономикасын жаңы мейкиндерге чыгарууда жана чыңдоодо өтө маанилүү. Акыркы жылдары бул багытта: Кыргыз фондулук биржасында алтын куймаларын сатуудан баштап, ири куймаларды кошо алганда, соода операцияларынын спектрин кеңейтүү боюнча пландарга чейин жылыштар болгон. Алсак, 2022-жылы КФБда (Кыргыз Фондулук Биржасы) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соода жүргүзүүнү уюштуруу максатында баалуу металлдар сектору ишке киргизилген. Аталган сектор Кыргыз Республикасынын баалуу металлдардын улуттук уюштурулган рыногун түзүү жана өнүктүрүүнү ишке ашырат. Акыркы маалыматтардан КФБнын соода системасына күн сайын 1 граммдан 100 граммга чейинки алтын куймалары сатыкка коюлуп жаткандыгын көрсөк болот.
Экономикалык оош-кыйыштын шартында баалуу металлдардын натыйжалуу жана ачык-айкын рыногун түзүү Кыргызстанга эл аралык аренада өзүнүн имиджин бекемдөө жана инвестицияларды тартуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. Дагы бир эске ала турчу нерсе, алтын менен күмүшкө талаптын, алардын бааларынын өсүшү экономикалык гана эмес, саясий кырдаалдардан көз каранды. Кандай болгондо да, мамлекет бул багытта туруктуу саясатын кынтыксыз жүргүзүүсү керек.
Ошондуктан баалуу металлдарды өндүрүү рыногу толук кандуу өнүгүшү үчүн металлдарды сактоо жана ташуу инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле эл аралык финансылык жана соода стандарттары менен интеграциялоо сыяктуу бир катар кыйынчылыктарды жеңүү зарыл. Кыргызстан үчүн ЕАЭБ жана БРИКС сыяктуу эл аралык бирикмелер менен тыгыз иштешүү анын глобалдык экономикага интеграцияланышын тездетүү жана баалуу металлдар рыногундагы позициясын бекемдөөдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, учурда мамлекеттин аталган эл аралык бирикмелер менен иш алып барып жаткандыгы бул жагынан алганда да бекеринен эмес.
Ошондой эле, баалуу металлдарды дүйнөлүк рынокко эркин чыгаруу үчүн эл аралык стандарттарга туура келерин тас-тыктаган макамдар керектелери маалым. 2022-жылы LBMA тарабынан берилген “Good delivery” макамын Кыргызстан кайрадан алган.
Ал кайсы бир өлкөдө өндүрүлгөн алтын менен күмүштүн сапаты, салмагы ишеничтүү экенин кепилдеп турат. Мындай белгиси бар заводдон куюлган баалуу металлды дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү сатып алууга даяр. Бул жаатта, тагыраагы ата мекендик алтынды сатууну жандандыруу, соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн жогорулатуу милдети менен 2022-жылы Эдил Байсалов жетектеген делегация Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жолугушууда баалуу металлдарды дүйнөлүк рынокко, анын ичинде британ базарына чыгаруу маселеси талкууланган.
Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын карай келсек, баалуу металдарды өнүктүрүү аркылуу Австралия, Россия жана ТАР өз экономикаларын кыйла жакшырткан мамлекеттердин катарына кирет. Бул өлкөлөр алтын жана башка баалуу металлдарды өндүрүү менен гана чектелбестен, анын экспортун жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана каржы туруктуулугун камсыз кылуу сыяктуу олуттуу ийгиликтерге жетишкен. Кыргызстан үчүн бул мамлекеттердин тажрыйбасы баалуу металдар рыногун өнүктүрүү аркылуу экономиканы чыңдоонун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт десек болот.
Ошол эле учурда, өлкөдө баалуу металлдардын толук иштелбей жаткан корлору да көп экени маалым. Буга байланыштуу ЖКнын жыйынында (14-ноябрь) МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровдун берген маалыматын карап көрөлү.
А.Жапаров: “Дүйнөдө “критикалык минералдар” деген термин пайда болду. Ал эми Кыргызстандын аймагында ата мекендик геологдор тарабынан 5000ден ашык пайдалуу кендер ачылган. Баскан жерибиз азырынча адамдын колу тие элек байлык, жер астындагы кендерибиздин геологиялык-экономикалык потенциалы – жүздөгөн млрд. долларлык байлыктар”, – деп, өлкө тарыхында биринчи жолу геологиялык чалгындоого 1 млрд. сом бөлүнгөнүн кошумчалаган.
Мындан эгерде тоо кен өнөр жайына мындан ары дагы керектүү каражат бөлүнүп, геологдор тарабынан иштетилбей жаткан кендерибизге чалгындоо иштери жүргүзүлсө, ал кендер ачылып иштей баштаса өлкөнүн экономикасын эбегейсиз көтөрүүгө болот деген жыйынтыкка келсек болчудай.
Уулжан Бейшенбекова, “Кыргыз Туусу”