Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Бейшенбек АБДРАЗАКОВ, коомдук ишмер, «Мекенчил күчтөр» кыймылынын төрагасы: “Жасалган иштер арбын”

– Бейшенбек мырза, коомчулукта соңку үч жылда өз алдынча мамлекет болгон 30 жылда жасалбаган иштер жасалды деген пикирлер айтылууда. Сиз буга кошуласызбы?

– Албетте, кошулам. Мындайда достор сүйүнсүн, кастар күйүнсүн деп коюшат. Сөздү оболу, экономикалык өсүп-өнүгүүлөрдөн баштап айтайын. Акыркы 3 жыл ичинде өлкөнүн бюджети дээрлик эки эседен ашуун өстү. ИДП 1,2 трлн. сомго жетти.

Эң чоң экономикалык жеңишибиз катары Кумтөр алтын кени Кыргызстанга өткөнүн айтсак болот. 30 жыл аралыгында анын тегерегинде кандай гана сөздөр болбоду эле. Парламент менен өкмөт кырды-бычак болуп, далай жолу өкмөттүн отставкасына, өлкөдөгү саясий туруксуздукка да себеп болуп келген.

Жашырганда эмне, Кумтөр Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин Кыргызстанды башкарып келгендердин жем жеген акырына айланып калганы кашкайган чындык. Андан ким гана жеген эмес? Чет элдиктер эсепсиз миллиондогон кирешелерди күрөп алып кетишкени жалганбы? Асти ошол ырыскыдан Кумтөрдүн чыныгы ээси болгон кыргыз эли, кыргыз мамлекети куру калып келген. Акыры адилеттүүлүк жеңип, азыркы бийлик Кумтөрдү элге кайтарып берди. Азыр ал элдин энчисине өтүп, элибизге, Кыргызстандын экономикасына кызмат кылып жатат.

Мындан тышкары эл аралык экономикалык соттордо жеңишке жетиштик. Инвестор болуп келимиш болуп, экономикага анча-мынча акча салып, арадан жылдар өткөн соң, өлкөгө доо койгон чет элдик компаниялардын эл аралык коомчулук алдында чыныгы жүздөрүн ачып көрсөтө алдык. Түшүнгөн адамга бул да аябагандай эле жеңиш. Эгер кокусунан биз утулуп калсак, миллиондогон долларларды кыргыз өкмөтүн сотко берген тараптарга төлөп берүүгө туура келмек.

Дегинкиси, экономикалык өсүштөр көз көрүнөө. Акыркы 3 жылда Камбар-Ата 1,2 ГЭСтеринде иш кызуу жанданып, республиканын бюджетинен миллиарддаган сомдор бөлүнүп, энергетикалык көз карандысыздыгыбызды бекемдөө багытында ургаалдуу иштер жүрүүдө. Буга чейин ГЭСтерди курууга миллиарддарды бөлмөк турсун, чака тыйындарды бере албай келгенбиз. Кокус эле, кандайдыр бир подстанцияларды курабызбы, же чубалгыларды тартабызбы, чет өлкөдөн карыз алганга шашчубуз. Буюрса, чет өлкөдөн эч кандай карыздарды, жардамдарды албай, өз күчүбүз менен ГЭСтерди кура турган мезгил келатат.

Эсиңиздерде болсо, 30 жыл аралыгында бир да ГЭС салынган эмес. Азыр Камбар-Ата ГЭСинен тышкары да чакан ГЭСтер курулуп жатат. Бүтүндөй дүйнө жашыл экономикага өтүп жаткан маалда, бизде акыркы 3 жылда кайра калыбына келүүчү энергетиканы: күн нурунан алынуучу, шамалдан пайда болуучу электр энергиясын өнүктүрүү иштери да колго алынды.

Өткөн жылы Кыргызстан боюнча 200дөн ашуун мектептин курулушу башталып, анын 100дөн ашууну ишке берилди. Эми өзүңүз калыс болуңуз, качан ушундай болду эле? Эгемендүүлүктүн 30 жылында өз акчабызга мектеп курмак түгүл, мектептерибизди оңдой албай, ата-энелердин күчү менен мектептерди оңдоп келгенибиз жалганбы? Былтыр эле 800 чакырымдай жолго асфальт төшөлдү. Мына ушунун баары республикалык бюджеттин эсебинен болууда. Мурда асфальт төшөө керек болсо эле, кредит алчубуз.

7 облуска 700дөй техника алып беребиз деп, анын жарымысын ишке ашырдык. ӨӨлкөбүздө туруктуулук сакталып, эл арасында ынтымак артса эле, алдыдагы эки-үч жыл болбосо да, жакынкы он жылда айыл-ападагы жолдорго чейин асфальтталып
калат.

“Асман” шаарынын иш башы кылып койдук. Буюрса, ал да бүтүп калаар, илгери үмүт кылып туралы. Жаңы өкмөт үйү салынып, буюрса быйылкы жылы ага көчкөнү жатат.

– Өлкөдө улуттук кайра жаралуу процесси жүрүп жатат десек болобу?

– Президент Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыгы «Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлык болгон. Ал ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында кабыл алынган.

Адам руханий жактан өнүкпөй, руханий жактан азыктанбай, курсагы тойгон менен жан дүйнөсү курулдап тура берет, өсүү болбойт. «Хан бийлигинен нарк күчтүү» демекчи, мамлекет башчысы «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жер жүзүндөгү ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дүйнө казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат. Жалпы адамзаттык нарк улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт. Жаратылыштагы биоартүрдүүлүк сыяктуу эле адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүк да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Улуттук нарк башка элдерге да жакын жана түшүнүктүү болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирет. Каада-салттарыбыз унутта калып баратканда мындай жарлыктардын чыгышы улуттук кайра жаралууга өбөлгө эмей эмне?

Баш мыйзамыбыз алгачкы ирет кыргызча жазылды. Бул да 30 жыл ичинде болгон эмес. Жаңыланган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Эне тилибиз ушуга чейин өз жеринде квартирант абалында болуп келсе, эми анын өнүгүшү үчүн мыйзамдык база пайда болду.

Мурдагы мамлекет башчылары убада кылып, бирок, ишке ашырышпаган «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Бул Конституциялык мыйзамдын демилгечиси Президент өзү болду, бир эмес, эки жолу элдик курултай өткөрүлдү.

Коррупцияга жана уюшкан кылмыш дүйнөсүнө карата катуу сокку урулду, бул багыттагы иштер азыр да улантылып жатат.

Баарынан кымбаты улуттун ден соолугу эмеспи.
Республиканын аймактарында кардиологиялык борборлор ачылып жатат. «Тез жардам» машиналары берилип, 1 миллиард сом бөлүнүп, арзан мамлекеттик аптекалар ачылууда.

Мурда кардиологдорубуз, хирургдарыбыз өзүбүздө тиешелүү медициналык жабдуулар, аппараттар жок, операция жасай албай, оорулуулар чет өлкөлөргө барып, кымбат операцияларды жасатууга аргасыз болушчу. Азыр кардиологдор бул жактан эле арзан операция жасамай болуптур деп эл сүйүнүп жатат. Балдар үчүн «Алтын балалык» реабилитациялоо борбору ачылды. Жыргалаңдагы санаторий оңдолду. Мунун баары элдин ден соолугуна, улуттун саламаттыгына камкордук.

Келечекти ойлоп, Көлдүн жээгинде алгачкы жолу Кыргызстандагы эң мыкты окуган балдар үчүн президенттик «Акылман» мектеп-лицейи ачылды.

– Чек ара маселелери да четинен чечилип жатат го?

–  Ооба. 30 жылдан бери бир да президент карабай койгон, көз жумуп келишкен чек ара маселеси чечилип жатат. Өзүңүздөр билесиздер, чек ара оор маселе. Анын
айынан кандай гана чыр-чатактар болбоду. Азыркы бийлик ошону так кесер чечүү үчүн күндүр-түндүр иштеп жатат. Жакын арада ал да чечилип калат.

Жаңы аскердик техникалар алынып, казармалар салынып жатат. Чек арада кызмат кылган аскер кызматчыларынын, офицерлердин маянасы көтөрүлдү. Солдаттардын кийимин өзүбүз камдап жатабыз. Түркиядан Байрактарды алып жатабыз.
Баарыбыздын эсибизде чыгар, Байрактар эмес, армияга байпак да ала албай жүргөнбүз. Солдаттардын кийими жыртык, өтүктөрү эски, казармалары мышык ыйлаарлык абалда болчу.

– Мугалимдердин, врачтардын айлыгы да көтөрүлбөдүбү?..

– Туура айтасыз. Акыркы жылдарда мугалимдердин, врачтардын гана эмес, жалпы эле бюджетте иштеген кызматкерлердин айлыктары эки эсеге көтөрүлдү. Пенсия көтөрүлүп жатат.

– Үй куруучулардын лидери болуп жүргөн адам катары мамлекет башчысынын жер участогун алып, үй салгандарга кызыл китеп берүү боюнча жарлыгын кандай кабыл алдыңыз?

– Эң сонун. Үйгө муктаж жаштарга жерлер берилип, бирок, кызыл китеби чечилбей келген. Ар жолку шайлоодо саясий партиялар биз чечип беребиз деп, ошону көзүр кылып бетине кармашчу. Мына ошону Президент өзүнүн бир жарлыгы менен бир жаңсыл чечип койду. Азыр миңдеген адамдар президентке ыраазы. Он миңдеген жаштар кызыл китебин алып, сүйүнүп жүрүшөт. Көрсө, маселени чечсе болот экен да.

Дагы бир колдоого алаарлык, айта жүрөрлүк нерсе, мамлекет 30 жылдан бери элге ипотека берүүнү унутуп койгон. Кийин эстегенде, ипотека оболу 18 пайыз-
дан башталган. Андагы бийликтегилер ошону да ооз көптүрө айтышчу. Анан 14 пайыз деп айрым саясатчылар өзүн аябай жарнама жасашкан. Азыр аны бийлик 4 пайызга түшүрүп койду. Мамлекет бюджет эсебинен үй салып баштады. Жылына 10 миң үй салабыз деп жатышат. Эгер ушул темп менен кетсе, 10 жылда чоң шаар салып коебуз. Улуттук ипотека долбоорун ишке ашырышыбыз керек.

– Айтор, айта жүрөрлүк иштер көп деңизчи?

– Жасалган иштер арбын, көз тийбесин, өнүгө берели. 7 миллион элбиз, алакандай элди бат эле бутуна тургузса болот. Ушу азыркыдай иштесе, мамлекет башчысынын жакынкы жылдарда алдыңкы мамлекеттердин арасына кошулабыз деген изги тилеги ишке ашып калат.

Биз кылымдарды карыткан салттуу, нарктуу, ооматтуу, дөөлөттүү ата-бабанын жолуна түшсөк, эч жаңылышпайбыз. Мен ушуну Кудайдан тилер элем. Ошондо жетимдер үйү болбойт, кары-картаңдар үйү болбойт. Кайрадан салттуу, нарктуу улуу эл болобуз.

Маектешкен Болотбек Таштаналиев

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар