Кезектеги III Элдик курултайда өлкөдө жасалып жаткан иштерге баа берилет. Бул тууралуу Элдик курултайды өткөрүү, координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү Чолпонкул Арабаев билдирди.
Анын айтымында, III Элдик курултайга берилген квота боюнча Баткен облусунан 58, Жалал-Абад облусунан 110, Ысык-Көл облусунан 51, Нарын облусунан 43, Ош облусунан 128, Талас облусунан 32, Чүй облусунан 101 делегат, ал эми Бишкектен 74, Ош шаарынан 43 делегат катышат. Ошондой эле облус жана шаарлардан тышкары мигранттардан 30, этностук өкүлчүлүктөрдөн 30 делегат келмекчи.
“20-21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган кезектеги III Элдик курултайда өлкөдө жасалып жаткан иштерге баа берилет. Делегаттар өздөрү жашаган аймактагы көйгөйлөрдү, алардын өлкөнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири боюнча ой-пикирлерин айтып, сунуштарын беришмекчи”, — деди ал.
Чолпонкул Арабаев кошумчалагандай, мамлекет башчысынын атайын тескемесине ылайык, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында 29 адамдан турган Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоочу уюштуруу комитети түзүлүп, учурда бир нече жыйын өткөрүлдү.
“Жылдан жылга Элдик курултайды уюштуруу деңгээли, даярдык иштери жакшырууда. Жеринде Элдик курултайдын делегаттары шайланып, жер-жерлерде өкүлчүлүктөрдүн жыйындары өтүп жатат. Ал эми 7-декабрда Кыргызстан боюнча толук Элдик курултайдын шайлоо күнү болуп, Элдик курултайга делегаттар шайланат. Кыргызстан боюнча делегаттарга 700 квота бөлүнгөн. Ошондой эле, III Элдик курултайда былтыркы курултайда берилген сунуштардын канчасы аткарылды, канчасы аткарылган жок деген маселе боюнча маалымат берилет деген ойдомун”, — деди Арабаев.