Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Токон МАМЫТОВ: “Кыргызстан эл аралык демилгелерди көтөрүп турушу керек”

Быйыл жыл башы менен Президент Садыр Жапаровдун өлкө башчылык кызматты аркалаганына туура 3 жыл болду. Бул мезгилде кандай иштер жасалгандыгы, келечекте Кыргызстан кандай кадамдарга барышы керектиги боюнча бир нече суроолор менен мамлекеттик жана саясий ишмер Токон МАМЫТОВго кайрылдык.

– Токон Болотбекович, жакында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун президенттик ишине расмий киришкенине туура 3 жыл болот. Ушул аралыкта өлкө башчыбыз алгылыктуу иштерди жасай алдыбы? 

– Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алганына отуз жылдан ашты. Ал арада беш-алты президенттүү да болдук. Алар кезинде экономиканы өстүрүп, элдин жашоо-турмушун оңдоого колунан келишинче аракет кылышты. Айрымдарынын колунан элүү пайыз иш келсе, кээ бири жетимиш, дагы бири кырк пайыз иш жасай алды. Ошондуктан тигил же бул президент эч нерсе кылбай жатып алды деген сөз акылга сыйбайт. Ал эми азыркы президенттин ишмердүүлүгүнө, ички жана тышкы саясатты жүргүзгөнүнө жалпы баа бериш азырынча эрте.

Тактап айтканда, Россия менен Украинанын, Россия менен Батыштын, Кытай менен Америка жана башка мамлекеттер ортосунда экономикалык, саясий тирешүүлөр башталган учурда бул киши президенттикке аттанды. Ошондой кыйынчылыкка карабастан ал элдин алдына чыгып мен баарына жооп берем деп туруп жаңы Конституцияны кабыл алууну демилгеледи. Башкаруу формасын өзгөртүп президенттик башкарууну киргизип, Өкмөттү да өзү жетектеди. Ошондуктан Садыр Жапаровдун ушундай кыйын кырдаалда жоопкерчиликти өз мойнуна алганын жогору бааласак болот. Себеби, ушундай кыйын учурда ар бир эле саясатчы мындай кадамга бара албайт.

Учурдагы баса белгилей кетүүчү нерсе – социалдык блокторго жакшы көңүл бурулуп, мектептер, бала бакчалар курулуп жатат. Пенсия, мугалимдердин, дарыгерлердин да маяналары жогорулады. Бирок, аны кайра эле инфляция жеп кетип жатат. Ошондуктан муну да эске алышыбыз керек.

– Үч жыл ичинде жүргүзүлгөн тышкы саясатыбызда, өнөктөш, коңшу мамлекеттер менен болгон мамилелерибизде эмнелерге жетише алдык?

– Ооба, буга чейин коңшу мамлекеттердин өлкө башчыларынын ортосунда көп эле сүйлөшүүлөр болгон. Президенттер бири-биринин мамлекеттик иш-чараларына, ал тургай тойлоруна чейин барышып, бийлеп, ойноп, жыргашканы менен реалдуулукка келгенде ар бири өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынан арыла албай коюшту. Ошол себептен Борбор Азия өлкөлөрү жер, суу, электр энергиясы, коопсуздук маселелерин чече албай келдик. Динибиз, маданиятыбыз бир, каада-салтыбыз окшош болуп туруп, бир региондо жашап жатып бириге албай койдук. Тышкы эксперттер Борбор Азия, Ооганстан эмне болуп кетет деп турушту.

Ошондой учурда Президент Садыр Жапаровдун Борбор Азия өлкө башчыларын Чолпон-Атага чакырганы эң туура кадам болду. Муну биздин жетишкендигибиз деп айтсак да болот. Себеби, Борбор Азияны бириктирүү аракеттерин Ташкент, Астана, Душанбе, Ашхабад да жасап, бирок ал аракеттер ийгиликтүү  аягына чыкпай калган. Ошол себептен Президенттин бул кадамына Россия, Америка, Кытай, Түркия, Батыш Европа сыяктуу өнүккөн жыйырма мамлекеттин эксперттери да эң туура багыт деп баа беришти. Буга чейин мындай жолугу-шуулар, аракеттер башталып барып эле
кийин унутулуп же башка маселелерге бурулуп кетчү. Садыр Жапаров болсо андай кылбай Чолпон-Ата кезигүүсүн улантып келе жатат.

Президенттин бул кадамы айрым саясатчылардын, кээ бир мамлекеттердин канчалык деңгээлде интеграцияга даяр экендигин көрсөтүп койду. Айрым мамлекеттерге караганда биз күмөн санаган өзбек мамлекети, ошол эле казак боордоштор интеграцияга даяр экени анык болду. Ушул Чолпон-Ата кезигишүүсүнөн соң Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан достук келишимине кол коюшту. Бул да чоң жетишкендик. Себеби, бул үч мамлекет бириккен соң башка Борбор Азия өлкөлөрү тегеренип-тегеренип кайра эле өз казыгына – үчөөнө келет. Ошондуктан бул эл аралык кезигүүнү азыркыдай саясат менен алып бара бериш керек.

Азыр дүйнөлүк коопсуздук архитектурасы урап, жаңы дүйнөлүк тартип калыптанып жатканын эске алганда Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө катары саясий, экономикалык чоң процесстердин четинде калып калышы мүмкүн. Бул жагынан алганда Чолпон-Ата кезигүүсү өз убагында уюшулган. Ошондой эле экономикалык кризиске карабай акыркы жылдарда Батыш өлкөлөрү менен соода, алып сатуу жагыбыз эки-үч эсе өсүптүр. Айрым жерде 10 эсе өскөнү да айтылып жатат. Мындан сырткары Кытай, Россия, ошол эле коңшу мамлекеттер менен болгон тышкы соода, коопсуздук, саясат, экономика боюнча багытыбыз да туура болду. Бирок, анын жетишпеген жактары да бар. Ошого бир аз оңдоолорду киргизишибиз керек.

– Учурда Президенттин чек ара маселесин чечүү саясатын ар ким ар кандай чечмелеп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынын экс-төрагасы, Коргоо министринин орун басары болуп иштеген инсан катары буга кандай баа бересиз?

– Албетте, азыркы Президенттин коңшулар менен болгон чек ара маселесин чечкендиги – анын үчүнчү чоң жетишкендиги. Эми анын кандай чечилгенин тарых өзү тастыктар, бирок, эң негизгиси чек ара көйгөйү чечилди. Жакында өлкө башчы Өзбекстан менен чек ара толук чечилгенин, жазында Тажикстан менен да толук чечилерин айтпадыбы. Эгер бул ишке ашса ошол эле коопсуздук, миграция, экономика маселелери да оң жолуна түшүп, бул эки өлкө менен чектешкен айыл, райондорубуздун өнүп-өсүшүнө шарт түзүлөт. Себеби, коопсуздук маселелери чечилмейинче башка маселелер чечилбейт. Ошондуктан өзбек, тажик эли менен мамилебизди оңдоп алууга маани бергенибиз туура болду. Чек ара маселеси такталгандан кийин калган маселелер өзүнөн өзү чечилет.

– Эл аралык мамилелерде Кыргызстан күчтүү болуш үчүн бийлик кандай кадамдарды жасашы керек?

– Кызыгы, глобалдык маселелер болгон экология, суу, терроризм, диний экстремизм маселелери көп жылдан бери чечилбей жатат. Эмне үчүн? Себеби, регионалдык коопсуздук, регионалдык интеграцияны, регионалдык биримдикти чечмейинче глобалдык маселелерди чечкенге оор болот. Мына ушул жерде Чолпон-Ата кездешүүсүн күчтөндүрүп, ошону көзүр катары кармап, улантышыбыз керек. Экинчиден, биз ШКУга, ЕАЭБге, ЖККУга, КМШга киребиз. Ушул эл аралык аянттарда биз кол көтөр десе көтөрүп, көтөрбө десе унчукпай калбай, коопсуздук, экология, интеграциялык процесстер, соода, ошол эле маданият, илим, билим, жаштар темасы боюнча  демилгелерди көтөрүп турушубуз керек. Биз 7 эле миллионбуз, чакан өлкөбүз, экономикабыз алсыз деп отуруп алган болбойт.

Мисалы, Түркияны алалы. Эки славян мамлекети болгон Россия, Украина согушканда Түркия ортого кирип, Стамбулга келип сүйлөшүүгө чакырды. Ошол маселени биз деле көтөрсөк болот эле. Африкага азык-түлүк жетишпей кыйналып жатканда бир да өлкө унчукпай койду эле Түркия “Ким буудай, ун берсе биз аны жеткирүүгө кемелерибизди, жүк жүктөөчүлөрүбүздү берели” деген чакырык таштады. Мына ушундай демилгелер Бишкектен да чыгышы керек. Башкасын айтпайлы Ооганстанда тынчтык болмоюн Борбор Азияда тынчтык орнобойт. Ошондуктан Чолпон-Ата кезигишүүсүнө ошол Афганистан темасын да тартышыбыз керек. Башка мамлекеттер менен биригип Ооганстандагы саясий кырдаалды, элинин жашоо-турмушун оңдоого, экономикасынын өнүгүшүнө жардам бербесек ал өлкөдөгү жарылуу бүткүл Борбор Азияга таасир этет. Себеби, биз бир  региондо турган, окшош мамлекеттерденбиз. Албетте, азыр ал жерде Кытай, Россия, Америка, Араб өлкөлөрү, Батыш өлкөлөрү иштеп жатат. Бирок, биз коңшу катары Казакстан, Өзбекстан президенттерин Чолпон-Ата кезигишүүсүнө чакырып, “Келгиле, Ооганстанга жардам берели” деген демилге көтөрүшүбүз керек. Мисалы, биз азык-түлүк бере албасак дагы цемент, курулуш материалдарын бере алабыз. Биз аларды берсек Россия, Кытай, Европа өлкөлөрү биз берген цемент, материалдар менен курулуштарын курушат эле.

Ошондой эле бул өлкөгө азыр курулушчулар, дарыгерлер, айдоочу, мугалим, электриктер, инженерлер керек. Мына ошолорду кыргыз, казак, өзбек мамлекеттери даярдап бере албайбы? Өнүккөн өлкөлөр менен сүйлөшүп, афган жаштарын Бишкек, Ташкент, Астана, Самаркандга алып келип окутуп берсек болот. Бул албетте, Кыргызстандын колунан келет. Андан сырткары азыр Ооганстандын сыртта 9 млрд. доллары бар. Аны батыш өлкөлөрү бербей жатат. Кыргызстан казак, тажик, өзбек жетекчилерин сүйлөшүүгө чакырып, “Батышка 9 миллиарддын 2-3 миллиардын бергиле. Ошол каражатка Ооганстанда мектеп, бала бакча, көпүрөлөр салынышына биз кепилдик болуп берели дейли” деген сунуш кылса абдан сонун болмок. Мына ошондо биздин тышкы саясатта аброюбуз, даражабыз көтөрүлмөк.

– Азыр баалар өсүп, баары кымбаттагандыктан бийликке ар кандай сын-пикирлер да айтылып жатат. Өнүгүп-өсүү үчүн бизде кандай потенциал бар?

– Ооба, баалар өсүп өкмөткө бир топ сын пикирлер айтылып жатат. Бирок, бул процесс өнүккөн батыш өлкөлөрүндө да болуп жатат. Бул азыркы доордун көйгөйү. Ушундай маалда жөн отура бербей көбүрөөк кыймылдашыбыз керек. Кыймылдайт десе ары-бери чуркай бербей акыл менен сүйлөп, аракеттенишибиз зарыл. Тактап айтканда, билим, илим, маданиятка тиешелүү деңгээлде көңүл буруп, колдоо көрсөтсөк жыйырма жылда өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине анча-мынча жакындап калабыз.

Негизи кичинекей өлкө болгонубуз менен бизде жарандык коом күчтүү жана ал чоң ресурс. 2020-жылдагы COVID-19 пандемиясы учурунда жапжаш жигит, кыздар активдешип дарыгерлерди, тартип сакчыларын уюштуруп, жергиликтүү бийликтин ордуна иштеп койбодубу. Бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин жарандык коомдун көп нерсеге даяр экенин көрсөтүп койду. Мындайча айтканда, жарандык коом бышып жетилип, билими, маданияты, өнүгүү боюнча өкмөт менен теңтайлашып турат. Министрлер Кабинети жарандык коомдун энергиясын эл, жер үчүн пайдаланып калышы керек.

   Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар