Күн мурун Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган кичи-футбол боюнча мелдеш аяктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Аталган турнирге УКМКнын Борбордук аппаратынын, аймактык башкармалыктардын, ошондой эле КР УКМК Чек ара кызматынын жана УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери жана УКМКнын ардагерлери катышты.
Кичи-футбол боюнча мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй:
1 – орунду УКМКнын Чүй облусу боюнча башкы башкармалыгы;
2 – орунду УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгы;
3 – орунду УКМКнын “Маалымат коопсуздук борбору” мамлекеттик мекемеси;
4 – орунду УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы;
5 – орунду УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы кызматы ээледи.
Турнирдин жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө кубоктор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мелдештин салтанаттуу жабылуу аземинде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, турнирге катышкан жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.
Төрага спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун өбөлгөсү катары аскер кызматчыларынын дене-тарбия даярдыгынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өздүк курамга тиешелүү тапшырмаларды берди.