Өлкөдөгү ашууларда жол ачык, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөөдө. Тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.