«Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоору аркылуу 10 миңден ашык дыйкан-фермерге насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1422 насыя өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча берилди. Ага жалпы 472 млн 390 миң сом каралды:
– “Айыл Банк” тарабынан 230 млн 810 миң сомго 707 насыя;
– “Элдик Банк” аркылуу 241 млн 580 миң сомго 715 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 879 млн 799 миң сомго 9515 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча:
– “Айыл Банк” аркылуу 1 млрд 860 млн 309 миң сомго 4626 насыя;
– “Элдик Банк» тарабынан 2 млрд 19 млн 490 миң сомго 4889 насыя берилди.
Жалпысынан 2 категория боюнча 4 млрд 352 млн 190 миң сомго 10 937 насыя берилди:
– “Айыл Банк” 2 млрд 91 млн 120 миң сомго 5333 насыя;
– “Элдик Банк” ААК 2 млрд 261 млн 70 миң сомго 5604 насыя.