Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Президент кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Бүгүн уюткулуу элибиздин улуу мурасы, элдүүлүгүбүздүн башаты, кылымдарды карытып келе жаткан рухий кенчибиз – “Манас” эпосунун күнү!

Мындан улам, Сиздерди “Манас” эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

“Манас” үчилтиги – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу! Элибизди эркиндикке шыктандырып келген эпосубуз улутубуздун намысын ойготуп, биримдикке чакырып, ар кандай сыноолордо журтубузга тирек болуп, өлкөбүздүн эбегейсиз зор энчисине айланды.

Бүгүнкү Кыргызстан – дүйнөгө жаңыча мүнөз менен эшик ачкан, коңшулары менен тең ата сүйлөшүп, мамлекеттик принциптери, саясий эрки менен кыска аралыкта өнүгүүнүн жаңы экономикалык моделин көрсөткөн өлкө. Мындай мамлекетте негизги көңүл илим менен маданиятка бурулат.

Планетардык жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жазгандай, байыркы кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун кайрадан дүйнөгө даңазалоого убакыт келди, бар ибаратыбызды жайып, руханий дасмиябызды даңазалоого мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Дүйнө өзгөрүп, жасалма интеллект кеңири жайылып бара жаткан бүгүнкү кырдаалда элибиздин феномени менен гана улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап, элдүүлүгүбүздү бекемдей алабыз.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда турган “Манас” эпосунун отуздан ашуун вариантын санариптештирип, элге жарыялап, аларды окумуштууларыбыз илим жана билим берүү тармагында изилдеп жатышкандыгы кубаттоого арзыйт.

Кыргыз улуттук “Манас” театры өлкөбүздүн аймактарында, чет жактарда да өзүнүн борборлорун ачып, улуттук сыймыгыбыз “Манас” үчилтигин жайылтууга, дүйнө элине таанытууга жаңы кадамдарды таштады. Ошондой эле “Манас” улуттук академиясы да мына ушундай дымактуу иштерди илгерилетип, эл аралык алкакка чыкканы турат.

Ал эми Таластагы “Манас Ордо” комплексин да жаңылоо боюнча долбоорлор иштелип жатканын билесиздер.

Кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы – “Манас” үчилтигине аяр мамиле жасоо: аздектөө, ар тараптан изилдөө, даңазалоо Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң түрткү берип келет.

Улуу өнөрдү туу туткан манасчылар, кадырлуу калк жакшылары – даанышман окумуштуулар, ата-бабаларыбыз калтырган таберик мурасты кастарлап, ага таазим кылып, даңктай билели.

“Манас” эпосу бар – тарыхыбыз, элибиз, мамлекетибиз бар!

Дагы бир жолу баарыңыздарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктайм!

Бар бололу, бир бололу!”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар