Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Камчыбек Ташиев: «Бүгүн кыргыз-тажик чек араларын макулдашуунун тарыхый күнү»

Бүгүн Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу өттү.  Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек араларын макулдашуунун тарыхый күнү деп билдирди.  

Анын айтымында, чек араларды тактоо иштеринен кийин юридикалык каттоо иштери жүргүзүлөт жана чек ара маселеси эки өлкөнүн парламенттери аркылуу ратификацияланат. Ошондой эле документке президенттер кол коюшат.

“Жакын арада, саналуу айлардан соң чек араларды тактоо иштерин биз жыйынтыктайбыз. Бул иштерди аткарууда өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнө, анын ичинде Саймумин Ятимовго иштерди алып барууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Анткени биз биргеликте чек ара маселесин жыйынтыктап жатабыз”, — деди Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги отуруму болду. Анда чек ара маселесин чечүүдөгү жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар