Ошентип Бишкек шаарынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча планына ылайык 1974-жылдан бери иштеп келе жаткан Бишкек шаардык таштанды полигону быйыл жабылышы керек. Албетте, мындай жылуу кабар ондогон жылдар бою таштандыдан чыккан булганыч абага ууккан шаардыктарды, жаңы конуштардын тургундарын кубандырбай койбойт. Бирок, 2013-жылы башталган эски таштанды полигонун рекультивация кылып, жаңы таштанды ылгоочу линияны, таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу аракети эмдигиче аягына чыкпай жатканын эске алсак, буга кубануу азырынча эрте.
Сыздоок кичирейди, бирок, оозу бүтөлө элек
Эске салсак, жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Кыргызстан ортосунда кредиттик макулдашууга кол коюлуп, аталган банк 2011-жылы 22 млн. евро бөлгөн. Бөлүнгөн каражаттын эсебинен учурда 75 гектарга жайылган таштанды полигонунун басымдуу бөлүгү рекультивацияланып, андан анча алыс эмес жерде кайра иштетүүдөн чыккан турмуш-тиричилик калдыктары көмүлүүчү 13 гектар карьер даярдалган. Тилекке каршы, ар кандай себептерден улам бүгүнкү күнгө чейин таштандыны кайра иштетүүчү завод да, иргөөчү линия да ишке кирбегендиктен шаардан бир суткада 1000 тоннадан ашык таштанды чыгып, ал эски полигондун жабыла элек 8 гектар жерине төгүлүп жатат.
Жакында Бишкек санитардык полигонунун директорунун орун басары Марат Алдашкуров учурда таштанды төгүлүп жаткан жер туурасынан эмес, тигинен өсүп жатканын журналисттерге сүйүнчүлөдү. Албетте, буга чейин ай талаага жайылып, уу түтүнү миңдеген адамдардын саламаттыгына зыян келтирип жаткан полигондун 80 пайызы жабылганы абдан жакшы. Бирок, жакынкы жылдарда таштанды иргөөчү, кайра иштетүүчү ишкана курулбаса сыздооктун оозундай болуп бүтпөй турган азыркы таштанды полигону кайрадан жайылып кетиши толук мүмкүн. Себеби, ар күнү кирген 1000 тоннадан ашык таштандыны 8 гектар жерге батыруу мүмкүн эмес.
45 миллионду коё туруп, 22 миллионду таппайлыбы?
Завод демекчи, былтыр Бишкектин экс-мэри Эмилбек Абдыкадыров ЕРӨБ бөлгөн каражаттан болгону 6,2 млн. евро калганын, ошондой эле HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o компанияларынан турган чехиялык консорциум Кыргызстанга таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууга даяр экенин билдирген. Буга улай экс-мэр ал заводду курууга 45 млн. доллар сарпталарын жана өзүн-өзү 15 жылда актаарын да кошумчалаган. Мындан сырткары ал ЕРӨБ бөлгөн 22 млн. евро гранттык каражаттын сарпталышы боюнча Башкы прокуратура, Эсептөө палатасы иш алып барып жатканын, ал жактарга буга тиешелүү кызматкерлердин тизмеси берилгенин айткан. Буга улай экс-мэр таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна 2023-жылы капсула салынарын да кошумчалаган эле. Эгер Э.Абдыкадыров айткандай аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси өткөн жылы эле даяр болгон болсо куруу иштери эбак башталышы керек болчу. Тилекке каршы, азырынча аталган заводду куруу боюнча иш баштала элек.
Баса, 2022-жылы ЕРӨБ тарабынан катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу үчүн бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо сегиз жыл ичинде 5 кылмыш иши козголуп, экөөсү сотко өтүп, экөө жоголгонун, бирөө иликтенип жатканын билдирген. “Таштанды полигонунун территориясында 10 млн. еврого 270 чарчы метр офис курулуп, 387 миң еврого тракторлор сатылып алыныптыр. Бирок, алар иштетилбей турат. Чет өлкөдөн келген техникалардын ремонтуна 30 миң евро, биздин тракторлорго 217 миң сом керек экен” деген. Буга улай эл өкүлү Эсептөө палатасына ЕРӨБ каражатын сарптоо боюнча аудит жүргүзүп, анын жыйынтыгын Министрлер Кабинетине жана укук коргоо органдарына берүү тапшырмасы берилгенин ортого салган. “Эгер укук коргоо органдары, прокуратура ушул кезге чейин эч кандай чара көрө албаса бул маселени Коопсуздук кеңеши карашы керек”, – деген ЖК депутаты. Андан бери эки жыл өтсө да азырынча 22 млн. евро тууралуу кеп козголо элек.
Баягы, баягынын аягы
“Бишкек санитардык полигону” муниципалдык мекемесинин азыркы директору Нурлан Жумалиев жыл ортосунда таштанды иргөөчү линия жакын арада иштеп баштарын айткан. Ошондой эле ал жаңы таштанды карьери 1,9 млн. куб таштандыга ылайыкталганын жана бул жерге иргөөдөн, кайра иштетүүдөн кийинки калдыктар ныкталып, кубик түрүндө тизилерин билдирген. Анын айтымында, таштандылар ушундай жол менен жайгаштырылса жаңы полигон 20 жылда толот. Ага чейин эски таштанды полигонун жаап, жаңы таштанды полигонун курууга милдеттендирилген эстониялык компаниянын адистери карьердин астына 2 миллиметр калыңдыктагы геомембрана төшөлүп, анын үстүнөн геотекстиль жана дренаждык катмар ташталарын айтып келген. Анан эле эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясынын аткарган иштери, сарптаган каражаттары боюнча эч кандай маалыматтар айтылбай калды.
Нурлан Жумалиев таштанды полигонунун иштери 90 пайызга бүткөнүн, бирок, таштанды иштетүүчү завод эки жылдан соң куруларын айтат. Эгер эски полигонду жаап, жаңы полигонду иштетүү иштери 90 пайызга бүткөн болсо жок дегенде таштанды иргөөчү линия ишке кирип, завод жарым-жартылай болсо да туруп калышы керек болчу. Тилекке каршы, учурда эски таштанды полигонунун 80 пайызы топурак менен жабылып, бир офис курулуп, бир тараза коюлганы гана болбосо таштандылар мурдагыдай кол менен иргелип, бирок, алар кайра иштетилбей эле турат. Мындан сырткары, рекультивацияланган аянтты айланта асфальт жол төшөлүп, жогоруда айткандай жаңы карьердин капталдары гана бетондолгон. Ушул иштерге 8 жыл убакыт коротулуп, 16 миллион евро жумшалганына ишенүүгө эч мүмкүн эмес. Ошондуктан буга тиешеси бар адамдар мыйзам чегинде жоопко тартылып, баары коомчулукка ачыкталышы кажет.
Жети өлчөп, бир кессек
Албетте, мындан беш жыл мурдагыга салыштырмалуу учурда шаардык таштанды полигону бир кыйла тартипке келтирилип, иреттелип калды. Бирок, али да болсо таштандыларды адамдар кол менен иргеп, айлана-чөйрөгө ар кандай материалдар шамал аркылуу жайылып жатат. Улам бир мэр келген сайын жаңы завод куруларын, эски полигон жабыларын убада кыла берип эл да бышы кулак болуп бүттү. Эки жылда экс-мэр убада кылган таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп калса го жакшы. Дагы бир экс-мэр Азиз Суракматовдун 2019-жылдагы убадасындай ал ишке ашпай калышы да ыктымал. Андыктан Чехиянын 45 миллион долларын алаарда мамлекет баарын дыкат көзөмөлгө алышы керек. Болбосо, ал да майнапсыз коротулуп кетип, кайрадан завод курулбай калышы да мүмкүн.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»