Бишкекте автобуста жол кире төлөбөгөндөр 1000 сом айыпка жыгылат.
Бишкек шаарынын мэриясы борбордо коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөндөргө айып пул салынарын эскертти. Рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөндөр 1000 сом айыпка жыгылат.
Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.