Бишкекке түркиялык ISUZU өндүрүүчүсүнүн суюлтулган газ менен жүргөн жаңы автобустары келди.
Учурда пландалган 68 автобустун алгачкы 14 даанасы келди. Калгандары этап менен жеткирилет.
12 метрлик жаңы автобустар 85 жүргүнчүнү батыра алат, анын ичинен 21 орун отурууга ылайыкталган. Автобус ошондой эле кондиционер, пандус менен жабдылган.