Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Энергетикадагы абал: Президент себептерин жана андан чыгуунун жолдорун айтты

Өлкөдө электр энергиясынын өчүрүлүшү, бул эмне себептен орун алып жатат жана аны чечүүгө кандай кадамдар жасалууда? Бул боюнча «Кабар» агенттиги өлкө башчысы Садыр Жапаров менен кенен маек куруп, суроолоруна жооп алды.

— Учурда Кыргызстандын ар кыл аймактарында электр энергиясы кыска мөөнөттө өчүп жатканына даттанган жарандар көп болуп жатат. Ушундай маселе барбы? Ошондой эле электр энергиясынын тартыштыгы кооптондуруп жатабы?

— Ооба, бизде электр энергиясынын дефицити азыркы учурда 3,9 млрд кВт саат. 2020-жылы биз бийликке келгенде эле кышкысын 3 млрд кВт. саат электр энергиясы тартыштык бар болчу. Бул эмнеден улам келип чыккан тартыштык? Анткени 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 МВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес.

Акыркы эки жылдан бери ГЭСтерди, шамалдан, күндөн алуучу энерго булактарын массалык түрдө салып жатабыз. Бирок ошентсек да ортодогу ажырымды кубалап жете албай жатабыз.

2020-жылдан бери бир канча социалдык, өндүрүштүк жана инфраструктуралык объектилер салынды.

2021-жылы курулган 109 объекттин 59у мектеп болгон.
2023-жылы – 210 объект курулган, анын 124ү мектеп.
2024-жылы 362 объект салынган, анын ичинен 190у мектеп.

Демек, электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Жогорудагы аталган объектилерден сырткары дагы көптөгөн чоң кубаттуулуктагы завод-фабрикалар ишке кирип жатат. Мисалы, Чүй облусунда быйыл ишке кирген “Терек Таш” цемент заводунун эле колдонуучу кубаттуулугу 30 МВт түздү.

— Бул тартыштыкты жоюу үчүн кандай чараларды көрүшүбүз керек? Электр энергиясына болгон муктаждыкты толук камсыздоо максатында учурда кандай иш-аракеттер аткарылып жатат?

— Электр энергиясы бизде арзан. Өздүк наркы 2,72 болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Мындан тышкары, “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында 69 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 55 тыйын менен берип жатабыз. Ошондой эле тоолуу аймакта жашаган жалпы саны 186 миң керектөөчүгө 1 сом 10 тыйындан эч кандай чектөөсү жок берип жатабыз.

Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы.

Мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамилеси менен иш бөлмөлөрдөгү, имараттардагы электр жарыгын өчүрбөй калтырып кетишет. Көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрбөй коюшат. Ушунун баары таасир этип жатат.

Эми 30 жыл чыдаган элибиз 3-4 жылга чейин бир аз чыдап турса. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 МВт болуп, электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат. Бардыгын электр кубатына өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк болот. Электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн көптөгөн тапшырмаларды берип жатам, керек болсо, 30-жылдардан кийин кышкысын да экспортко чыгабыз.

Андан тышкары, Бала-Саруу ГЭСи, Кайнама ГЭси, Ысык-Ата ГЭСи, Көк-Арт ГЭСи, Исфайрам ГЭСи, Курак-Тектир ГЭСи, Кыштут ГЭСи сыяктуу чакан ГЭСтер курулуп, ишке берилүүдө.

Алдыда дагы кубаттуулуктарды көбөйтүүгө чакан ГЭСтерди куруп, ишке киргизүүчү көптөгөн реалдуу долбоорлор бар. Өзүбүздүн чоң ГЭСтерибиз дагы ушул күнгө чейин жаңыртылбаптыр.

Мисалы Токтогул ГЭСи толук реконструкция иштеринен өтүп жатат. Кийинки жылга бир эле агрегаты калды. Ал да бүтсө жалпысынан 240 МВт кубаттуулук кошулуп жатат.

Быйыл Үч-Коргон ГЭсин дагы жаңыртуу иштерин баштадык. Ушул айдын ичинде 4-генераторун ишке киргизебиз. Кошумча 9 МВт кошулат. Жалпы оңдоп-түзөөдөн кийин 36 МВт кошулат.

Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча иштерди алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө тендер өткөрүлүп, кийинки жылдын биринчи кварталында ишти баштайбыз деп турабыз. Бул ГЭСтин агрегаты ишке кирсе 120 МВт кошумча кубаттуулук кошулат.

Алдыдагы 2025-2026-жылдарга жалпы 3 ГВт электр энергиясын өндүрүү үчүн инвесторлор менен иштеп, келишимдерге кол коюлду. Токтогул суу сактагычынын үстүнө сүзүп жүрүүчү 1200 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча инвестор менен макулдашууга кол коюлуп, иштер жакынкы күндөрдө башталат.

Эң жакынкы келечекте биз электр энергиясын сатып алуучу өлкөдөн, сыртка сатуучу өлкөгө айланабыз. Быйыл гидроэлектростанциялардан сырткары күндүн жана шамалдын энергиясын пайдаланып электр энергиясын өндүрүү үчүн көптөгөн макулдашууларга кол коюп ишти алып барууга жетиштик. Нарын облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСи курулуп жатат.

— Кыш мезгили эми башталып жатат, жогоруда айтылгандай электр энергиясы өчүү болуп жатат алдыда суук күндөр дагы көп кандай кадамдар көрүлөт?

— Ооба туура айтасыз, алдыда дагы кыш кылычын кармап келе жатат. Мен айтып кеткендей өзүбүздө өндүргөн электр энергиясы колдонулуп жаткан электр энергиясынын өлчөмү бир кыйла көп болгондуктан биз кошуна өлкөлөрдөн импорт алып жатабыз.

Бирок азыр аларда дагы таңкыстык болуп жатат, суук катуулаган сайын биз алардан электр энергиясын алууну көбөйтүүнү сүйлөшүп жатабыз.

Бирок алардан бизге келген аба чубалгылар дагы өтө көп болуп жаткан жүктү көтөрө албай ысып, күйүп кетүү коркунучтары дагы болуп жатат. Колдонуу көбөйгөн жерлерде энергетиктер жөнгө салуучу иш чараларды жасап жатышат.

Андай иш чараларды жасабаса кымбат баада турган жабдыктардын күйүп кетүү коркунучу бар. Мисалы бир эле кубаттуулугу чоң болгон тарнсформатордун баасы 140 млн сомдун тегерегинде турат.

Эми элестетсеңиз, ал трансформатор күйүп кетсе аны алмаштыруу үчүн биз ошончо көп акчаны биринчиден табышыбыз керек, эгерде акча табылган күндө дагы заводдон буйрутма берип чыгаруу үчүн 150 күндөн ашык болот экен. Андан тышкары, аны алып келип орнотуу үчүн 60 күндөн 80 күнгө чейинки убакытты талап кылынат экен.

Биз ал иш-чараны аткаргыча кыш бүтүп калат. Ошондуктан мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында бир сааттан эки саатка чейин которуштуруу иш чараларын энергетиктер жасап жатышат. Ушуну элибиз туура түшүнүү менен кабыл алышын суранып кетет элем.

Ооба, бир эки саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул иш чара өтө көп узакка созулган өчүүлөрдөн сактап турат. Кымбат баалуу трансформаторлор күйүп кетсе, күндөп-түндөп созулган өчүрүүлөр болуп кетет.

Электр энергиясынан сырткары элибиз колдонуп келе жаткан жаратылыш газдын дагы бүгүнкү күндө жетишсиздиги байкалууда. Себеби быйылкы жылы беш жаңы конушту газдаштырдык.

Ошондой эле жогоруда айтылгандай газ маселеси кошуна өлкөлөрдө дагы жетишсиз болуп биздин өлкөгө алардын аймагынан келген газ түтүктөрүндө басым азайып жатат.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар