«Тагдырга таарынып болбойт. Маңдайга жазганын көрөт экенсиң. Мен бул жашоодо көп ийгиликтерге жетип, далай жакшылыктарга күбө болдум. Турмуш жолум дароо шыдыр кеткен жок. Турмуштун өйдө-ылдыйы, көкөй кескен кыйынчылыктар, тоскоолдуктар да болду. Мени дүйнөлүк жеңил атлетика ишмерлери жакшы тааныйт. Эл аралык турнирлерде жеңишке жетишип, кыргыз өңүн дүйнөгө тааныта алдым. Менин жеңишиме тоскоол болгон, мени көралбаган адамдардын айынан Москва олимпиадасында алтын медалга жетпей арманда калдым. Балким менин багыма ушундай тагдыр жазылса керек. Бирок, бул жашоого кыргыздар айтмакчы жөн эле келбей, артымда из калтырдым. Ысымым тарых барактарына жазылды. Советтер Союзу боюнча менин ийгилигимди азыркыга чейин эч бир марафончу кайталай элек», – деген эле маркум Сатымкул Жуманазаров.
– Сиздин чуркоого кызыгууңуз качан, кандайча ойгонду эле?
– Бул суроого азыркыга чейин жооп таба албай жүрөм. Балким тубаса жөндөм, шык болсо керек. Бала чактан бери башталып, жан дүйнөдө катылып жатса керек. Мисалы, он жашымда 50 километр аралыктагы коңшу айылдагы эжемдин үйүнө чуркап барып келчүмүн. Ал эми спорт менен машыгуум кокустан болуп калды. Айылдык курбуларым менен Фрунзеге барсак, бир көрүп келсек деген каалоо тилек бар эле. Ал убакта Таластагы Ивано-Алексеевка кесипчилик техникалык окуу жайында окуп жаткам. Бир күнү дене тарбия мугалимибиз Анаркул Кыбраев «Ким окуу жайдын биринчилигиндеги жарышта жеңсе, Фрунзеге барат» деп калды. Эки километрлик жарышта адыраңдап биринчи келдим.
Ошентип бир айдан кийин көптөн самаган Фрунзеге келип, «Эмгек резервдери» спорт коомунун республикалык биринчилигине катыштым. 8 километр аралыкта алдыңкы сапта келдим. Бир жылдан кийин кесиптик-техникалык окуу жайларынын республикалык спарта-киадасы болуп, байгелүү орунга жеттим. Мындай бактылуу сааттарым, көз ирмемдер узакка созулган жок.
Окуу жайын аяктап, айылымда куруучу болуп иштей баштадым. Айылда кайдагы спорт, кайдагы жарыштарга катышуу? Курулушта колум жооруп иштеп жүрдүм. Дагы жакшы, совет доорунда спортко маани берилип, таланттуу жаштар көз жаздымда калчу эмес. Анан дагы спорт менен машыгуу сыймыктуу болчу.
Мени бир жылдан кийин райондун спорт жетекчилери эстеп, «Колхозчу» спорт коомунун райондук биринчилигине чакырышты. Кара жумушта иштеп жүргөндүктөн ал-күчтүү кезим. Эртели-кеч чуркап, бат эле табына келдим окшойт. Анан райондук, облустук мелдештерде биринчи орундарды ээлеп, өзүмдү чемпион сезип калдым. Республикалык турнирге катышып, марага төртүнчү болуп келдим. Спорт ийримдерине катышып, спорт мектептеринен таалим-тарбия алгандар менен теңтайлашып, аз секунда менен байгелүү орунга жетпей калдым. Муну кыраакы устаттар байкап, мага Борбор Азия республикаларынын жана Казакстандын чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк беришти. Ошондон баштап, тагдырым биротоло спортко байланып, жеңил атлетикага болгон чыныгы кызыгуум ойгонду окшойт.
– Айылда жашап, кантип машыгып жүрдүңүз? Же жаныңызда устатыңыз болбосо?
– Анын жарасы жеңил болду. Менин жаңы устатым Виктор Борисов турмуш шартымды туура түшүнүп, мага машыгууга жеке план түзүп, ирээти менен баарын жазып берди. Анын бардык талаптарын так, туура аткарууга аракет кылып, машыгууга баш-отум менен кириштим. Виктор Федорович республикалык бардык мелдештерге чакырып, кеп-кеңештерин айтып турду.
1971-жылы Кисловодск шаарында өткөн «Урожай» спорт коомунун жеңил атлетикалык кросс турнирине катыштым. 8 километр жарышка үч жүздөй жөө күлүк катышып, марага сегизинчи болуп келдим. Бул дурус көрсөткүч эле. Ошол жылы күзүндө жаштар арасында СССРдин биринчилигине катышып, мында да ортодон жогору, алдыңкы топто жүрдүм. Кийинки жылдары мелдештерде марага биринчи келип, алтын медаль тагына баштадым.
– Орто аралыктарга жүгүрүп жүрүп, кандайча марафондук жарыштарга кызыгып калдыңыз?
– 42 километр аралыкты багындырууну мурдатан эле самап, жан дүйнөм тынчтык бербей жүргөн элем. Аны устатыма айткан эмес элем. Бир жолу абдан ээлигип калдым. Ужгород шаарында өтчү турнирде мен устатыма «Мени марафонго жазыңыз» деп акидей асылдым. Виктор Борисов чочуп кетти.
– Марафонго чуркоо үчүн медициналык карточка керек. Сенде ал жок. Анан дагы марафонго чуркоо үчүн атайын даярдык зарыл. Кайдагыны айтпай жөн жүрчү, – деп сөз жебей койду.
Мен көгөрүп, айтканымдан кайтпай туруп алдым. Айласы куруган устатым бир нече күндөн кийин макул болуп, марафонго чуркоого уруксат берип, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып, уюштуруучуларга тил кат жазып берди.
Биринчи марафонум. Мен сүйүнгөнүмдөн чуркоо башталганда тим эле жаанын огундай сызып бараттым. Марафондун алыскы марасын ойлобой эле 100 метрге чуркап бараткандай желдей учтум. Көрсө марафон деген 35 километрден кийин башталат экен. 36-километрде шайым кетип, намысымдан улам гана марага эптеп келдим. Устатымдан абдан тил уктум. Анан гана марафондук 42 километр аралыкты кантип чуркоо керектигин иликтеп, изилдеп техникалык ыкмаларын талдап, машыгууну баштадык. Жеңил атлетиканын чыныгы түйшүгү, ысык-суугу эми гана баштан өтүп жатты.
1976-жылы Монераль олимпиадасына талапкер боло албай калдым. Ошондой болсо дагы СССРдин тандалма командасынын мүчөсү болуп, мыктылардын сабына кошулдум.
Анан Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарына катышып, Леонид Моисеев менен достошуп калдым. Ал кийин Европанын чемпиону болду. Бир жолку маегинде «Сатымкул Жуманазаровдун колдоосу менен гана финишке биринчи келдим» деп айткан эле.
– СССРдин олимпиадалык тандалма командасына качан кабыл алындыңыз?
– Олимпиадага эң мыктыларды тандап алуу мелдештери Москвада өттү. Бул марафонго Леонид Моисеев катышкан жок. Ал ошол учурда лидер аталып, биринчи сапта тургандыктан түз кабыл алынган. Калган эки орун үчүн СССРдин мыкты 800 жөө күлүгү жарыштык. Мен марага экинчи болуп келдим. Владимир Котов биринчи болду. Марафонго ар бир мамлекеттен үчтөн ашык спортчу катышчу эмес. Ошентип үчтүн бири мен болдум.
– Эми Москва олимпиадасынын марафондук жарыштары
тууралуу кептин удулу келип калды окшойт…
– Стартка 20 күн калганда советтик делегациянын чиновниктерин, федерациянын жетекчилерин ээрчитип Валентин Сыч келди. Анан бизге мындай тапшырма беришти: «Моисеев – лидер. Силер аны бардык аралыкта колдоп, сүрөөнгө алып чуркайсыңар. Суусун убагында берип, терин аарчып, коштоп жүрүшүңөр керек». Алардын айтканы биз үчүн мыйзам эле.
Европа чемпиону Леонид Моисеевге биз суусундуктарды берип, терин сүртүп, бардык аралыкта колдоого алууга милдеттүү элек. Ал учурда советтик тартип, талап катуу болчу. 35 километр чуркагандан кийин биздин лидер Леониддин шайы кетип, жүрбөй калды. Топ баштап келаткан бизден башкалар озуп кете башташты. Мен ага кылчактап, анын терин аарчып, суусун берип келаткан элем, «Леня, сага эмне болду?» дедим. Ал «менин шайым кетип, мындан ары жүрбөй калдым» деди. «Менин майкамды бекем кармачы. Мен сени марага чейин сүрөөнгө алып барайын» дедим чын пейилден. Бир нече аралык экөөбүз бири-бирибизге чиркешип, «паровоз» болуп эптеп, аны сүйрөп, чуркап бараттым. Менде күч-кубат бар эле. Эгерде мен Моисеевге каралап, кылчактап, аны сүйрөп, бир далай убактымды коротпогондо германиялык Церпинскийди жана голландиялык Нейборгту жөн эле кууп жетип, марага биринчи келүүгө мүмкүнчүлүгүм, дем, күч-кубатым жетмек.
Финишке жакын калганда Леонид такыр эле жүрбөй калды. Ошондо гана мен демилгени колго алып, ага кылчактабай алдыга чуркоо керектигин түшүндүм. Бирок, алдыга кеткен атаандаштарды кууп жетип, андан ашып кетүүгө мүмкүн эмес, кеч болуп калган… Ошондой болсо дагы чымырканып, марага үчүнчү келип, зор мамлекет болгон СССРдин ар-намысын сактап калдым.
Ишенесиңби, досум деп жүргөн Леонид Моисеев мелдештен кийин эмне дегенин. «Мен сенсиз деле финишке чейин жетмекмин. Жөн гана сенин биринчи болушуңду, алтын медаль тагынышыңды каалаган эмесмин» десе болобу?! Ошол жерден жалпы стадиондогу миңдеген күйөрмандардын, чет өлкөлүк меймандардын көзүнчө тумшуктан ары бир урайын деп, советтик этиканы сактап, сабыр кылып, тилимди тишиме каттым. Кийин «Мен Сатымкулду мага кылчактабай, алдыга чурка,- деп айткам» деп, жанын жеп жүрөт. Москва олимпиадалык марафонунун чыныгы тарыхы
ушундай.
Автордон кошумча
С.Жуманазаров 1986-жылы чоң спорт менен коштошту. Чынында беш баланы багып, тарбиялоо үчүн машыктыруучулук ишке барууну чечкен. Бирок, тилекке каршы, ошол мезгилдеги спорт жетекчилери ага машыктыруучулук ишти да ыраа көрбөй, жумушсуз калат. Бир аз убакыт Аламүдүн райондук спорт комитетин жетектейт. Үй-бүлөнү багыш үчүн жеңил машинасы менен такси кызматын кылып, кыйынчылыктарды башынан
өткөрөт.
Аргасы түгөнгөндө СССР спорт комитетинин жетекчилеринин бири, мурдагы спортчу Павел Литовченкого кайрылып, Москванын кийлигишүүсү менен жеңил атлетикадан СССР тандалма командасынын консультант-машыктыруучусу болуп жигердүү иштеп, далай марафончуларды, жөө күлүктөрдү тарбиялаган. Бүткүл союздан тандалган жөө күлүктөрдү Кыргыз жергесине Ысык-Көлдүн Кажы-Сайына алып келип машыктырган. Ушул Кажы-Сайда жеңил атлетчилерди даярдоочу атайын база салуу демилгесин көтөрүп чыгып, Москвадан атайын долбоор даярдатып келген.
Союз ыдыраганы анын ой-мак-саттары ишке ашпай, дагы жумушсуз калган. Анан кол куушуруп жата бербей, өз алдынча аракет кылып, 1990-жылдары Ысык-Көлдөгү Кажы-Сайда спорттук база түзүлүп, ошого директор болуп дайындалат. Бул базаны дүйнөлүк деңгээлде куруу тилеги ишке ашпай, эптеп спортчулар үчүн сактап калуунун аракетин көрөт. Каражат, жаб-дуулар жок, иштен чыгып, базанын аты эле калып баратканда, акыры аргасы түгөнгөндө базаны Улуттук Олимпиада Комитетине берип, Сатымкул агай ар кимден каражат сурап, ремонттоп алуунун амалын издеп, убара тартат. Бул жерде иштегендер 7-8-жылдан бери айлык албай, жеке демилге менен иштеп жүрүштү.
Жеке турмушу тууралуу айтсак. 1974-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык институтта окуган Сүйүнбүбү Эшалиевага үйлөнгөн. Экөө ынтымактуу жашап, беш балалуу болушкан, ондон ашуун небереси бар. Эгиз неберелери Мирайым менен Нурайым дагы жеңил атлетика ийримине катышып жүрүшөт.
Сатымкул Жуманазаров 1976-жылы СССР спортунун чебери, 1979-жылы СССР спортунун эл аралык класстагы чебери, 1981-жылы СССР спортунун эмгек сиңирген чебери деген ардак наамдарга ээ болгон.
Спорт коомчулугу тарабынан ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү деп аталган. “Эл достугу”, “Ардак белгиси” ордендери жана “Эмгектеги артыкчылыгы”, “Даңк” медалдары менен сыйланган. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Сатымкул Жуманазаров атындагы балдар жана жаштардын олимпиадалык резерв спорт мектеби
бар.
Кыргызстандагы белгилүү марафончу Назирдин Акылбеков баштаган жаштардын насаатчысы болгон. 2007-жылы 2-апрелде каза болгон.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы