Жакынкы жылдары унаа рыногунда көп өзгөрүүлөр болооруна көзүбүз жетип калды. Технологиянын өнүгүшү менен Кытай мамлекети чоң секирик жасап, биринчи орунга чыкты. Чакан мамлекетибизде да электр унаалары көбөйдү. Бул тууралуу экономика боюнча эксперт Искендер ШАРШЕЕВ менен маектештик.
– Министрлер Кабинети кытай унааларынын бажы төлөмдөрүнө жеңилдетүү берип, ташып келүү көбөйдү. Бул канчалык пайдалуу?
– МинКабдын Кытай унааларынын бажы төлөмдөрүнө жеңилдетүү бериши биздин экономикага ар тараптан пайдалуу. Биринчиден, импорттолгон унаанын баасы төмөндөп, керектөөчүгө ар кандай бюджеттеги унаага жетүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Экинчиден, унаа базарында атаандаштыкты күчөтүп, сапаттуу транспорт каражатын камсыз кылат. Электр унаалары электр энергиясын керектейт, аны биз өзүбүздөн иштеп чыгабыз, демек, бул унааларды тейлөөгө кеткен каражат өзүбүздө калат.
Азыр биздеги бензин менен айдалган 1 млн. ашык унаанын бир жылдык күйүүчү майына кеткен 3 млрд. доллардын тегерегиндеги каражаты Орусияга
кетет.
– Кыргызстанда да электромобилдер курулат деп жаттык эле. Бул завод ишке кирсе Өзбекстан мамлекетине атаандаш боло алабызбы?
– Электромобилдерди өндүрүүчү заводдун ишке кириши Кыргызстандын Өзбекстан менен атаандашуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. Биз бул сектордо технологиялык жана өндүрүштүк көндүмдөрдү өркүндөтүүгө жана аймактык рынокто позициябызды бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алабыз. Андыктан, унаа заводун куруу менен импортко жеңилдикти азайтууга мажбур болобуз. Завод унаа-сын сатуу үчүн буга чейинки рыноктогу бензин менен жүргөн унаа баасы менен теңеши зарыл.
– Биздин өлкө аркылуу кытай унаалары реэкспорт болууда. Бул канча убакытка созулат деп ойлойсуз?
– Кытай унаасынын реэкспорту географиялык жана экономикалык шарттарга жараша өзгөрүшү мүмкүн. Учурдагы саясий жана экономикалык мамилелердин туруктуулугуна жараша, бул процесс узак мөөнөткө созулушу мүмкүн. Ошондой эле, регионалдык жана глобалдык базардагы суроо-талаптын өзгөрүшү бул процессти таасирлейт.
Кытай мамлекети өткөн жылы унаа чыгаруу жаатында дүйнө боюнча талашсыз, эң кубаттуу лидер болуп чыкты. Бул лидерликти талашуу кыйын, анткени, Кытай жер кыртышынын сейрек металл кендеринин 98%ын ээлеп калды. Заманбап унаа бул – чоңойтулган смартфон. Сейрек металлсыз аны жасоо болбойт.
– Бул унаалар чынында эле экологиялык жактан коопсузбу?
– Унаалардын экологиялык коопсуздугу өндүрүүчү компаниялардын стандарттарына жана экологиялык нормаларга багынат. Азыркы тенденциялар экологиялык таза транспорт каражаттарына көңүл бурууну талап кылат, бирок, бардык унаалар эле бул критерийлерге жооп бере албайт. Ошондуктан, тийиштүү текшерүүлөр болушу
зарыл.
Бензин менен жүргөн бир унаа 20 жыл ичинде 4 тонна көмүр кычкыл газын чыгарат. Электр энергиясы менен жүргөн унааларынын жаратылышка тийгизген зыяны 25-30 эсе аз. Же болбосо электр унаасы 20 жылда 0,002 көмүр кычкыл газын чыгарат.
Биздин көйгөй электр энергиясын чыгарууда го дейм. ЖЭБде энергия өндүрүүдө экологияга көбүрөөк зыян келтирилгендиктен, а ГЭСтерден электр энергиясын чыгарууда экологияга зыян келтирилбегенине көңүл бурсак, эколо-гиялык жана экономикалык жактан да чоң утушта болобуз.
– Унааларды техникалык тей-лөө кызматтары кандай болуп жатат?
– Кыргызстанда унааларды техникалык тейлөө кызматы бир катар өнүгүүлөрдү башынан өткөрүп жатат. Автоунаалардын кеңири тараган колдонулушуна жана түрдүү моделдерине байланыштуу, тейлөө кызматтары
таждык бар. Тейлөө кызматтары технологиялык жаңыланууну эске алуу менен, диагностика жана оңдоо ишинде заманбап жабдууларды колдонууда.
Азыр Бишкек шаары боюнча электромобиль унааларын тейлеген саналуу эле адистер бар. Ошондуктан, бул багытта тейлөө кызматтарын тездик менен өркүндөтүүнү колго алуубуз зарыл.
– Электромобиль унааларынын аккумуляторун кайрадан иштетүү жана утилдештирүү боюнча кандай иштер жүрүшү керек?
– Электромобилдердин аккумуляторлорун кайрадан иштетүү жана утилдештирүү – бул экологиялык жана экономикалык туруктуулук үчүн маанилүү процесс. Бул процесстер келечекте кеңейтүүгө муктаж. Алар инновациялык технологияларды колдонуу жана экологиялык стандарттарды бекитүү багытында ишке ашышы керек.
Кайра иштетүү жана утилдештирүү процесстерине катышууну кубаттоо үчүн өкмөттөн жана жеке сектордон да колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул максатта салык жеңилдиктери, гранттар жана каржылоо программалары сыяктуу кубаттоолорду камтыган саясат иштеп
чыгуу керек.
Коомдук аң-сезимди жогорулатуу, аккумуляторлордун утилдештирилиши жана кайра иштетилүүсү боюнча билимди жайылтуу зарыл. Бул процесстерди колдонуучуларга жана ишкерлерге түшүндүрүү үчүн маалыматтык кампанияларды жүргүзүү керек. Ошону менен бирге баштапкы изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, электр унааларынын аккумуляторлорунун химиялык зыяны абдан аз. Келечекте бул дагы изилдөөнү талап кыла турган маселе.
– Ар кандай климаттык шарттарда электромобиль унаасынын эффективдүүлүгүнө кандай факторлор таасир этет?
– Электр унааларынын эффективдүүлүгүнө климаттык шарттын таасири чоң. Суук климат шартында батарея-лардын кубаты тез азайып, бул алардын кыймыл аралыгын чектейт. Ошондой эле, ысык аба ырайы батареялардын иштешине терс таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок, бул суук климатка караганда азыраак байкалат. Электр унаасын өндүрүүчүлөр ар кандай климаттык шартта батареялардын оптималдуу иштешин камсыз кылуу үчүн технологияларды өнүктүрүүгө умтулууда.
Азыр мен айдаган унаа кышында батареясын жылытууга суткалык зарядда 2-3% керектейт. Cуук аба ырайында батарея жылыткычын иштетсем 400 км
аралыкка баруучу унаанын аралыгы 280-250 км ылдыйлайт. Бирок, аба ырайы +5 градустан жогору жылыганда белгиленгендей 400-385 км аралыкта жүрөт.
– Бул унаалар электр заряды менен иштегендиктен өрт коопсуздугу чаралары көрүлгөнбү?
– Электр унаалары электр заряды менен иштегендиктен, алардын өрт кооп-суздугуна өзгөчө көңүл бурулушу керек. Булардын аккумуляторлору күчтүү электр энергиясын сактайт жана бул кээ бир шарттарда өрт коопсуздугуна алып келиши мүмкүн.
Электр унааларын иштеп чыгуу жана өндүрүү процесстеринде бир катар коопсуздук чаралары каралган. Заманбап электр унаалары аккумулятордун температурасын көзөмөлдөөчү жана ашыкча ысып кетүүнү алдын алуучу технологиялар менен жабдылган. Бул системалар аккумулятордун ысып кетүүсүнөн жана кыска туташуудан улам келип чыгуучу өрт коркунучун азайтат.
Электр унаасынын дизайны өрт каатчылыгы учурунда зыянды азайтууга багытталган. Мисалы, аккумулятор жайгашкан жагы өрт кеңейип кетүүсүнө жол бербөө үчүн өзгөчө коргоочу материал менен капталган. Көптөгөн электр унаалары өрттөн автоматтык коргонуу системаларына ээ болгондуктан, алар аккумулятордун температурасы ашыкча жогору болсо иштеп кетет. Бул система өрттү алдын алууга же өчүрүүгө жардам берет.
Электр унааларын өндүргөн ишканалар өрт кырсыгына туш болгон учурда тез арада реакция жасоочу көрсөтмөлөрдү жана окутууларды иштеп чыгышкан.
Бул куткаруу кызматтарына электр унаалары менен болгон кырсыкта туура мамиле жасоого жардам берет. Мисалы, унаа кагылышуунун 2-секундасында батареядан кеткен кабелдерди жалпы системадан үзүп, эшиктер автоматтык түрдө ачылып калат. Эгер батареяга от чуркап кетсе, машинеден качуу убактысы 40 секунддан 2 минутага чейин. Менимче, бул абдан мыкты шарттар.
Кенже ОСМОНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”