«Баламды кучактайм» жана «Бала тарбиялоодо мен кандай ката кетирип жатам» китептеринин автору, педагог, балдар психологу Рано Акматова бүгүн бизде мейманда.
– Рано эже, «Балдар психологиясына таанымал психолог болуу үчүн эмес, балдарым менен болгон мамилени оңдоо үчүн келгем», – деп айтканыңыз бар экен…
– Ооба, бир канча жыл мурун мен да мигрант апа болгом. Балдарыбызды чоң эне, чоң атасына таштап, жолдошум экөөбүз Россияга иштегени кеткенбиз. Эки балам ошондо 5 жана 6 жашта болчу. Биз төрт жылдан кийин балдарды өз колубузга алдык. Бирок, ошол төрт жыл ичинде ортодогу мамилебиз бир топ сууй түшүптүр. Бири-бирибизди түшүнүү кыйын болуп калыптыр. Алардын кылыгы мага жакпайт. Менин айткан, дегендерим балдарыма жакпайт. Ошондо мен балдарым менен болгон мамилемди кантип жакшыртсам болот, ортодогу боштукту кантип толтурсам болот деп ойлоно баштадым. Менден алыстап кеткен балдарымды өзүмө кайра кантип жакындатуунун жолдорун издедим. Ошентип балдар психологиясына болгон кызыгуум күндөн-күнгө артып, кийин сүңгүп кирип кеттим.
– Сиз өзүңүз кандай үй-бүлөдө өсүп чоңойгонсуз? Адатта психолог, коучтар өздөрүндөгү бала чагынан калып калган кандайдыр бир көйгөйлөрүн, коркууларын жеңүү үчүн күрөшүп, окуп билим алып анан адис болуп калышат.
– Көпчүлүк учурда ошондой. Бирок, эс тартканы атам менен апамдын кер-мур айтышканын, ал тургай үнүн бийик чыгарып сүйлөшкөндөрүн уккан жокмун. Атам, апам экөө тең мугалим болуп иштешкен. Ошондуктанбы, алар менин китепке болгон кызыгуумду бала кезимден эле ойготушкан экен. Эсимде, мен 1-класска барганда эле китепти шар окучумун. Кийин китепканадагы китептердин бардыгын окуп бүтүп, мага жаңы китеп таап бере албай калышчу.
– Өтүкчүлөр гана жасаган ишинин жыйынтыгын дароо көрө алышат дешет. Ал эми бала тарбиялоодо сенин кандай апа, кандай ата болгонуңдун жыйынтыгы 10-20 жылдан кийин гана көрүнөт экен. Баласынын бактылуу, ийгиликтүү болушун каалаган ата-эненин эң алгачкы кадамдары кандай болушу керек?
– Эң биринчиден, ата-эне билимдүү болушу керек. Өзгөчө эненин сабаттуулугу манилүү. Билимдүү эне гана ийгиликтүү балдарды чоңойто алат. Албетте, ар бир ата-эне баласын сөзсүз жакшы көрөт. Бирок, ошол жакшы көрүү сезимдерибиз көбүнчө өзүбүздүн ичибизде гана калып калат. Биз ал сезимдерибизди балдарыбызга билдирип турушубуз керек. Жок эле дегенде бир күндө бир жолу кучактап, бетинен өөп, эркелетип, сүйлөшүп, сырдашыш керек. Бала канча жашта болбосун, аны өзүнчө бир инсан катары кабыл ала билиши зарыл. Бала ата-эненин мээримин, сүйүүсүн толук кандуу сезип, мени жакшы көрөт деген ишеним менен чоңоюшу керек. Ал эми курсагы ток, кийими бүтүн деп ичирген чайын, кийгизген кийимин балага салган үлүшүм деп, баламды багып жатам деп жүргөн ата-энелер чоң жаңылышат. Анткени, алар күткөн нерселер, келечекте аларды күтпөйт. Биз балдардын жүрөгүн мээрим менен сүйүүгө толтурсак, диалог түзгөндү билсек гана өзүнө-өзү ишенген, ийгиликтүү, бактылуу балдарды чоңойтобуз.
– Балага мээримдин жетишпей жатканын кантип байкаса болот?
– Балага сүйүү жетпей жатканда, ал ошол сүйүүнү, көңүл бурууну алыш үчүн жакшы бала болгонго аракет кылып баштайт. Апасынын айтканынан чыкпай, тапшырмаларын кынтыксыз аткарып мени байкаса экен, мени мактаса экен дейт. Бирок, ошондо дагы апасынын сүйүүсүн ала албаган бала, агрессияга өтө баштайт.
– Азыркы учурда балдарды эркин коюш керек, өз ойлорун ачык айткыдай, тыйбаш керек деп жатабыз. Ал эми улуу муундун өкүлдөрү биз таяк жеп жүрүп эле чоңойгонбуз, баланы кээде какыс-кукус кылып коюш керек дешет…
– Бул жерде балдарды урушпоо керек деп гуманитардык тарбиянын бир эле жерин алып жатабыз. Андан ары жагына өтпөй жатабыз. Балага эмне туура, эмне туура эмес, эмне жакшы, эмне жаман экенин ата-эне үйрөтүшү шарт. Ортолукту карманыш керек. Урушпоо керек деген сөз, жашоо сенин колуңда, каалаганыңдай жаша, каалагыныңды кыла бер деген сөз эмес. Бала туура эмес иш кылса, жазаланарын дагы билсин. Кайра эле ата–эне менен баланын ортосундагы сүйлөшүүгө, диалогго барып такалабыз. Ал эми баланын денесин ооруткандай какыс-кукус кылуу туура эмес. Анткени, балага күч колдонулган кезде, анда күч менен маселени чечсе болот деген сезим ойгонот дагы, ал да кийин чоңойгондо ошондой кадамга барат. Андыктан, ар бир ата-эне өзүнүн кыймыл аракетин, кадамдарын ойлонуп жасашы керек.
– Демек, ата-эне бала тарбиялоо-дон мурда өзүн тарбиялашы зарыл дейсизби?
– Туура, ата-эне балага ар дайым үлгү. Бала сенин айткандарыңды эмес, сенин кыймыл аракетиңди тез кабыл алат. Ошондуктан, бала тарбиялоо чоң искусство.
- Балдар менен эркелешип кучактаганда, алар сени биринчи кое бергенче күтө тур. Ошол учурда аларга канчалык сүйүү керек экенин эч качан билбейсиң.
- Билимдүү, акылман эне – ийгиликтүү бала
- Баладан мурда өзүн тарбиялаган эне – мыкты апа.
- Бала баарына бериле бербейт, баалагыла!
- Аял өнүксө – аалам өнүгөт.
- Бактылуу бала бактылуу үй-бүлөдөн чыгат.
Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”