Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Эл ишеничи энергетикада

Февралдын экисине караган түндөгү Бишкек жылуулук борборунда болгон авария өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу көп факторлордон көз каранды экени, андыктан мамлекеттин энергетикалык көз карандысыздыгына өтө аяр мамиле жасап, бул маселе дайыма күн тартибинде турушу керектигин дагы бир жолу эскерткендей болду.

Өткөн жыл кургакчыл болуп, Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү жылдагыдан аз болуп калаары божомолдуу билинип калганда, баарыбыздын оюбузга кыш келип: “Кыш кандай болоор экен, эгер жылдагыдан жылуу болсо, эптеп жазга жетип калаарбыз” деген ой болгон. Кыш биз каалагандай эле жумшак болду, эгер аба ырайы ушул тейде сакталса, суу сактагычта суунун көлөмүн кризистик деңгээлге жеткирбей жазга жетип алчудайбыз.

А ЖЭБдеги окуя ар кандай күтүлбөс­түктөр болорун, ага дайыма даяр турушубуз зарыл экенин көрсөттү.

Өткөн жылдын декабрында МинКабдын башчысы А.Жапаров энергетиктердин күнүнө арналган салтанаттуу иш чарада аларды майрамы менен куттуктап жатып, 2024-жылга карата өлкөнүн энергетикалык секторуна 74,9 миллиард сом каралып жатканын билдирип: «Электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында президент энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизген. Негизги максат – электр станцияларын курууну тездетүү жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, өлкөбүздү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана 2026-жылы электр энергиясын ашыкча өндүрүү жана экспортко жеткирүү. 2031-жылга чейин 10 жылдын ичинде 3,8 миң мегаватка чейин кошумча кубаттуулуктарды ишке киргизебиз», – деп айтканы эсибизде.

Ал өз сөзүндө Энергохолдинг жоюлуп, өлкөнүн отун-энергетикалык комплекси жана энергетикалык коопсуздугу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты толугу менен жүргүзгөн Энергетика министрлиги түзүлгөнүн, Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча жеке ортомчу энергетикалык компаниялардын саны 28ден 12ге чейин кыс-картылганын, энергияны башкаруу сис-темасын реструкташтыруу аяктаганын: 4 бөлүштүрүүчү компания (РЭК) КУЭТ менен бириктирилип, бир компания түзүлгөнүн, эми бардык абоненттерди электр энергиясы менен камсыздоого бир компания толугу менен жооп бере турганын билдирген.

2024-жылга карата каралган 74,9 миллиард сом 2023-жылга бөлүнгөн каражатка салыштырмалуу 40,7 миллиардга көптүк кылат. Бул каражат энергетика секторун каржылоого, күзгү-кышкы жылуулук сезонуна карата даярдык иштерине каралуу менен, “Электр станциялар” ААКка – 55,8 млрд. сом, күзгү-кышкы сезонуна даярдыкка 7 млрд. сом, бюджеттик кредиттерге бөлүүгө 2,7 млрд. сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары энергетика тармагына мамлекеттик инвестициялоо программалары боюнча 8,1 млрд. сом каралган болчу.

Мамлекет тарабынан электр энергиясын өндүрүп, жаңы кубаттуулуктарды алуу максатында жаңы ГЭСтерди куруу багытында ырааттуу иштер жүрүп жатат.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында энергетика министри Таалайбек Ибраев кытайлык China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) компаниясы менен энергетика тармагындагы кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду.

Бул документтин максаты – Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскаддарынын курулушу боюнча кызматташуу ниети жана Кара-Кече жылуулук станциясын куруу. Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскаддары – жылдык иштеп чыгуусу болжол менен 3,3 миллиард киловатт-саатты жана жалпы кубаттуулугу 1 миң 305 мегаватты түзгөн 3 станциядан турат. Каракол ГЭСи – 33 мегаватт, Көкөмерен ГЭС-1 – 360 мегаватт, Көкөмерен ГЭС-2 – 912 мегаватт болмокчу. Ал эми долбоордук кубаттуулугу 600 мегаватты түзгөн жылуулук станциясын Жумгал районундагы Кара-Кечеге куруу долбоорлонгон.

2026-жылга карата энергетикада профицитке чыгып, электр энергиясын экспорттоону баштоо идеясы экинчи Элдик курултайдын трибунасынан да айтылган.

2024-жылы кубаттуулук 178 мегаватка жетип, 25 кичи ГЭС жана Токтогул ГЭСинин дагы бир агрегаты ишке киргизилет. Кубаттуулугу 700 мегаватт күн электр станциясы, Талас облусундагы кубаттуулугу 5 мегаватт “Бала-Саруу” ГЭСи иштей баштайт. Электр энергиясын жоготууларды азайтуу үчүн 300 миң АСКУЭ эсептегичтери орнотулат.

Мындан тышкары Казарман, Чаткал каскаддарын жана Кемин – Торугарт чубалгысын долбоорлоо иштери башталат. Эки жылдан кийин Куланак ГЭСи иштей баштай турганы айтылууда.

CASA-1000 долбоорун май айында ишке киргизүү пландалганын белгилеп коюуга тийишпиз.

Акыркы эки жылда энергетика тармагына 261 атайын техника сатылып алынган. Мунун 124ү – электр станциялары үчүн, 73ү – “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы үчүн.

2023-жылы 814,2 миллион сомго 178 атайын техника алынса, 2024-жылга 1 миллиард сомго 252 атайын техника алуу пландалган.

Демек, жылыш көз көрүнөө. Энергетика тармагы өлкөнүн экономикалык өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө бере турган, түрткү бере турган тармак. Андыктан, бул тармакка көздүн карегиндей мамиле жасап, ар бирибиз бул тармактын өсүп-өнүгүшү үчүн кол кабыш кылсак жаман болмок эмес.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар