Кыргызстандын ӨКМи суу ташкынынан жабыркаган казак элине жардам берүүнү сунуштады.
Ал эми Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кесепеттерди жоюуга өзү жетишерин, абал оорлошо турган болсо, кайрыла турганын айтты.
Эскерте кетсек, 29-мартта коңшу өлкөдө жаан жаап, кар эрип, дарыялардагы суу ташкындап, айылдарды каптаган. Кеминде 7 облус жабыркаганы айтылууда.