Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Марат Сарулу – кыргыз киносун кыр ашыргандардын бири

Уучубуз куру эмес, режиссёрлор, анын ичинде кинорежиссёрлорубуз көп эле. Арийне, алардын арасынан таланттуулары саналуу гана. Белгилүү кинорежиссёр Марат Сарулу мына ошол саналуу таланттуу кинорежиссёрлордун катарына кирчү.
Анын интернационалдык команда: актерлору Россиядан, үн режиссеру, сүрөтчүсү жана гримеру Германия, Франциядан, оператору жана дагы бир нече кишиси Грузиядан, ар кошкондон бир кошкон чогулган топ менен биргеликте Казакстандан тартып, чет жерде монтаждалган “Түштүк деңиздеринин ыры” кинотасмасы кино дүйнөсүндө узун сабак кепке арзып, кызуу талкууга жем таштаганы көрөрмандардын эсинен чыга элек болсо керек.

Мына ошол Марат Сарулунун жылдызы жанып турган күндөрдө, анын ысымы “кыргыз кереметинин” экинчи толкунун жара-туучулардын көч башы катарында айтылган. Фильм 2007-жылы тартылып, тасманын бюджети 1,5 млн. долларды түзүп, аны Россия, Казакстан, Германия жана Франция тарап каржылап, кинонун жаралышына кызыкдар
болушкан.

Фильмдин сюжети андай деле татаал эмес. Карапайым кыргыз, казак, немис, орус адамдарынын жай турмушу сүрөттөлүп, орус жубайлар Иван менен Мариянын үйүндө кара тору бала төрөлсө, андан жарым жыл өтпөй казак Ассандын үйүндө сары бала жарык дүйнөгө келет. Окуянын тузу ушерде, мындайда эркек аялынын ала жипти аттаганынан шек санап уктабай калат эмеспи. Ошентип, тасманын баш каармандары өздөрүнүн теги кайдан келгенин билүү үчүн чындыкты издеп сапарга чыгышат. Эл аралык кинофестивалдарды багынткан “Түштүк деңиздеринин ырынын” сюжетинин өзөгү ушундай.

Анын тасмаларына жөнөкөйлүк жана ошол эле учурда көрөрманды кайдыгер калтырбаган, ойго салган терең философия мүнөздүү. Таланттуу кинорежиссердун тасмаларын карап отуруп, турмуштун оома-төкмөлүгү, өмүрдүн кыскалыгы, убакыттын учкулдугу, адам бир келип кеткен конок экени тууралуу ойлорго жетеленесиң.

Марат Сарулунун “Көч” тасмасы – нукура кыргыз тасмасы. Тасманын алгачкы мүнөттөрүнөн эле көрөрман убакыт тууралуу унутуп, режиссер тасмада берейин деген ойлорго сүңгүп, ага аралашып кетет. Фильмде баары бар – убакыт да, мейкиндик да, пейзаждар да. Ал эми адам дүйнөнүн бир бүртүкчөсү гана. Эгер шамал чөптү тамыры менен жулуп кетсе эмне болот, а өз тамырынан ажыраган адамдарчы?

Кино сынчылар “Көч” тасмасын режисёрдун чыгармачылыгынын туу чокусу катары белгилешкендери бекеринен эмес. Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров Марат Сарулуну өздөрүнүн муунундагы кинорежиссерлордун кыймылдаткыч күчү, кыргыз киносунун алтын казыгы атап, ар тараптуу ой жүгүртө билген, терең билимдүү адам катары баалаган.

Дагы бир коллегасы Актан Арым Кубат аны “СССР кулагандан кийин келген
муундун көрүнүктүүсү, билимдүүсү” катары баалап, “Мараттын кыргыз киносунда өз орду бар, башкаларга окшобогон көз карашы бар” экенин айткан.

Марат Сарулу таланттуу кинорежиссер гана болбостон, мыкты киносценарист да болгон. Ч.Айтматовдун айтылуу “Бетме бет” повестинин негизинде Ч.Айтматов, энелеш бир тууганы Бакыт Карагулов менен биргелешип сценарий жазып,
фильмди Бакыт Карагулов тарткан.

Мындан тышкары Актан Арым Кубат, Автандил Адыкулов менен бирдикте Швейцариянын Локарно шаарында өткөн эл аралык фестивалда “Күмүш илбирс”, Алматы шаарында өткөн Евразия кинофестивалында баш байге (1998) жана 18ден ашуун эл аралык сыйлыктарга ээ болгон “Бешкемпир” тасмасынын сценарийин жазган.

Кыскасы, ал чыгармачылык жолунда “Бетме бет”, “Келин”, “Найман эненин кошогу”, “Саманчынын жолу”, “Бороондуу бекет”, “Аңчынын үй-бүлөсү”, “Бешкемпир” аттуу тасмалардын сценарийин жазса, “Миң кыял”, “Көч”, “Элчи”, “Эне”, “Туз”, “Бороондуу дарыя, тынч деңиз”, “Эргүү”,  “Алтын кыргоол”, “Мандала”, «In Spe», ж.б. тасмаларын тарткан. Булардын арасынан “Мария”, “Көч”, “Эне” жана башка көркөм, даректүү тасмалары көптөгөн эл аралык сыйлыктарды алган. Эмгеги бааланып, 2000-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты, 2016-жылы КРнын эл артисти наамын алган. 2021-жылдан Манас жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын ардактуу мүчөсү болуп, чыгармачылык баралына толуп турганда, арабыздан кете берди.

Бакыт Карагуловдун жубайы Гүлжамал Карагулова мындайча эскерет: “Өмүрлүк жолдошум, белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов бу дүйнөдөн өткөнүнө үч жылга толуп-толо электе, күтүлбөгөн жерден бир тууган иниси, кайним, кыргыздын дагы бир таланттуу кинорежиссеру Марат Сарулу бу жашоо менен коштошуп кете берди.

Марат Бакыт байкесин аябай жакшы көрчү. Аябай сыйлачу, “Баха” деп эркелетип айтчу. Бакыт тамашакөй, шайыр адам болгондуктан, агасынын ушул сапаттарын жактырып, “Баха баягыны кайталап койсоң” деп бир нерсени сурап алып, көзүнөн жаш чыкканча күлчү. Экөөнүн ортосунда түгөнбөгөн сүйлөшүүлөр, пикир алышуулар көп болор эле. Албетте, аларды бир туугандыктан да чыгармачылык  чырмап байланыштырып турчу.

Келиним Сабира: “Байкем каза болгондон кийин Марат бизге билгизбей ичинен сызып, катуу кейип, өзүн жалгыз сезип калды. Ал: “Байкемдин басканы, баягы каткырып күлгөндөрү көз алдымдан кетпей жатат” деп бир нече жолу айтканын бизге айтып берген.

Мараттын башкалардан айырмаланган көп жакшы сапаттары бар болчу. Маселен, ал адамгерчиликтүү, жөнөкөй, мүнөзү бир калыпта, салмактуу, билимдүү, жогорку интеллекттүү, баамчыл, баарын байкап бир чечим чыгарчу. Эч качан бир ишти чала жасачу эмес. Өзүнүн мүнөзүнө, ой жүгүртүүсүнө жараша анын тарткан фильмдери да өтө терең, нагыз турмушту чагылдырчу. Марат кино жаатына кээ бирөөлөргө окшоп жулунуп-улунуп келген жок. Кинону изилдеп, терең түшүнүп өзүнүн жаңы көз карашы, жаңыча бир стили менен келди. Жаңы толкун, жаңы күч менен келди.

Москвадагы сценаристтер менен кинорежиссерлордун эки жылдык жогорку курсунан убагында өзүнө өтө чоң багаж, билим топтогондугунун жакшы жыйынтыктары, дүйнөлүк чоң кинофестивалдарда жемиштерин берди.

Марат университеттин филология факультетинде студент болуп окуп жүргөндө эле, анын адабиятка кызыкканын байкагам. Себеби, Бакыт агасы 1977-78-жылдары эки жылдык сценаристтер менен кинорежиссерлордун жогорку курсуна окуганы Москвага кеткенде Марат экөөбүз эки жыл чогуу туруп калдык. Мен академиядан алган чакан бөлмөбүз бар болчу. Чакан стол Мараттын китептеринен бошочу эмес. Үстүндө орустун классик акын-жазуучуларынын жана чет өлкөлүк атактуу жазуучулардын китептери толуп турчу. Өзү бир бурчунда бир нерселердин жазып отурчу. Көрсө, ошол мезгилде ал адабият менен искусствого кызыгып, кадам таштаган тура. Басса-турса ойлонуп эле жүрчү. Менин кошуналарым: “Гуля, философ жазуучу кайниң бүгүн эшикке чыкпай калды го. Дагы жазып жатабы? – дешип тамашалашчу.

Ошол илгери кошуналарым айткандай, ал философияны бүт тулку боюна курчанып алып, “кино” деген чоң эшикти аттады. Мараттын “резюмесин” – өмүр таржымалын окуп отуруп, өзүм аябай таң калып, баа бердим. Өтө бай. Тарткан фильмдеринин жылдары, айлары, кайсы жылдары кайсы фестивалдарга катышып, кандай байгелүү, сыйлыктарга ээ болгонун көрсөткөн узун тизмелер. Ар кандай фильмдерге  жазган мыкты сценарийлери үчүн да толтура сыйлыктарга татыктуу болуптур.

Алсак, Мараттын “Көч”, “Үй-бүлө”, “Алтын кыргоол”, “Мандала”, “Взлет”, “In Spe” сыяктуу документалдуу жана көркөм фильмдери континент аралык, эл аралык чоң кинофестивалдарга катышып, эң жогорку байгелүү орундарга ээ болгон. 2008-жылы Кыргызстандагы эл аралык экинчи Ысык-Көл кинофестивалында эң баш байге “Гран-прини” жеңип алган. Анын фильмдери бүт дүйнө жүзүн аралап, бардык жерде байгелүү орундарды багындырган. Маселен, Германия, Италия, Түштүк Корея, Япония, АКШ, Чехословакия, Венгрияда, Франция, Израиль жана башка мамлекеттерде кыргыздын туусун желбиретип, кыргыз киносун даңазалап, чоң жетишкендиктерге ээ
болгон.

Мараттын түбөлүк жайга кеткенине жыл айланып баратат. Бир туугандар дагы деле ишенгибиз келбейт. Сценарийин жазып бүтүп, фильм тартканга даярданып жүрдү эле. Алдыда сонун пландары бар болчу. Таланты ташкындап турган мезгилде кетип калды. 2023-жылдын 8-март күнү үнү ушунчалык сонун, көңүлү көтөрүңкү телефон чалып: “Жеңе, майрамыңыз кут болсун. Сизге ден соолук каалайм. Көп кайгырбай өзүңүздү кармаңыз. Байкем көрбөй кеткен жакшылыктарды сиз көрүңүз” деп айткан. 9-март күнү түш ченде суук кабар уктук.

Айла канча, “өлгөндүн артынан өлбөйт” деген чын тура. Көз жаш менен кайрып келе албайсың. Жүрөк ыйлайт, жүрөк сыздайт.

2016-жылдан баштап Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин кинофакультетинде студенттерди окутуп келе жаткан. Ал жерде кезинде Бакыт байкеси да иштеген. Марат мындан сырткары Борбордук Азиядагы Америка университетинде (АУЦА) да кино боюнча студенттерге сабак берип, “Эң мыкты мугалим” деген сыйга татыктуу болгон.

2023-жылдын 18-ноябрында кино чөйрөсүндө Маратка арналган атайын чоң эскерүү кечеси болду. Ошондо студенттери анын элесине арналып тарткан “Марат агай” деген фильм көрсөтүлдү. Кудум эле Марат агайынын стилиндей, анын оюндай фильм жаратышыптыр. Устатынын шакирттерине берген билиминин акыбети кайтат деген ушул да деп ойлонуп отурдук. Бирге иштешкен киночу коллегалары Марат өлгөн жок, анын экинчи өмүрү башталды деп айтышып, кылган эмгегине баа беришти.

Чын эле ал өлгөн жок. Артында толтура кинолору калды. Кийинки муундарга эстелиги, мурасы калды. Бакыт байкеси Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыргандагы фильмдеринин көбүнүн сценарийин Марат жазчу. Марат бул жашоодо өзүн өзү тарбиялады. Камырдан кыл сууругандай “кино” деген мейкиндикке өзү суурулуп чыкты.

Эмне демекпиз, ичибизде толтура арман калды. Өкүнүч калды”.

Марат Сарулу “Жеңиш менен жеңилүү катар жүрөт. Бирде бал жейсиң, бирде чайыр чайнайсың” деп маектеринин биринде айткандай, бир сырлуу, миң кырлуу жашады. Жеңилиштерине караганда жеңиштери көп болду. Чыгармачылык менен түйшөлүп, “чайыр” чайнаган менен анын балын татты. Кесиптештери айткандай, “кыргыз киносунун алтын казыгына” айланып калды.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар