Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Үч жылда курулуп, жүз жыл турууда

Каракол мечити — Ысык-Көл облусундагы кылым карыткан кызыктуу жайлардын бири.

X кылымдын башында курулган Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «дунган мечити» Борбор Азиядагы белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири болуп саналат. Ал уникалдуу оюп-кесүү жолу менен мыксыз курулган.

Бул мечит анын негиздөөчүсү – Ибрагим Ажынын демилгеси жана каржы-лоосу менен 1907-жылы салынган. Андыктан, учурда мечит анын ысымын алып келет. Ал дунгандар арасында Маа-Хаджы деп айтылат. Ал эми, өзүнүн аты Ма-Ю-Тон болгон. Бул мечитти салдырыш үчүн ал Пекин шаарындагы атактуу архитектор Чжоу-Сыны жана колунан көөрү төгүлгөн 20 устаны чакырган. Ошондой эле, бул ишке көмөкчү усталар да салым кошушкан. «Мечитти куруу иши 1904-жылы башталып, 1907-жылы аяктаган.

Аны курууга тянь-шань карагайлары, кара жыгач жана жергиликтүү терек колдонулса, кооздоо үчүн жаңгак дарагы пайдаланылган. Курулуш чеберчилик менен жыгачтарды аштап жасалгандыктан, ага бир да мык кагылган эмес.

Мечит 42 тирөөч менен кармалып турат. Көп кабаттуу чатырчалардын учунда ажыдаардын башын көрүүгө болот. Ошондой эле алмурут, жүзүм, өрүк жана башка жер жемиштердин, гүлдөрдүн сүрөттөрү түшүрүлүп, шөкөттөлгөн.

Совет бийлиги учурунда 1929-жылдан 1947-жылга чейин кампа болуп турган жай кийин кайрадан мечитке берилген. Ал тарыхый музей катарында да катталган.

Туристтерди жана калаага келген меймандарды өзүнө тартып турган бул жай дагы жүздөгөн жылдары турса керек.

Жумагүл Барктабасова, Кыргыз Туусу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар