12-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган «Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, «Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореографиялык, музыкалык жана вокалдык чыгармачылык айкалыштырган көркөм оюн.
Мюзикл 17-апрелге чейин сахнада коюлат.
- Либреттонун автору жана коюучу-режиссёру — Виктор Фельд
- Композитору — КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев
- Ырларды жазган акын — Махаббат Молдалиева
- Костюмдар боюнча художник — дизайнер-Дөөлөт Рысбаев
- Хореографы — КР Эл артисти Анара Нургалиева
- Хормейстери — КР Эл артисти Гульбара Маматова
- Башкы сүрөтчүсү — Расул Кочкорбаев
- Видео контент — Адан Алимбеков.
Белгилей кетсек, «Жамийла» чыгармасынын жаралганына быйыл 65 жыл толот.