Адам баласынын башына Кудай ар кандай сыноолорду берет. Бирок, кыска өмүрүндө жетимиштен ашык обон жаратып, кыргыз маданиятына зор салым кошуп кеткен обончу, аткаруучу маркум Бакыт КАПАРОВго берилген оор сыноону ар ким эле көтөрө албаса керек. 2004-жылы чырактай 6, 7 жаштардагы эки уулун жоготуп, 19 жыл алардын күйүтүн тартып, көзү өткөнчө алардан үмүтүн үзбөй жашаган талант быйыл 13-февралда бул дүйнө менен кош айтышты. Күйүтүн обон, кайрыктарынан чыгарып, ошол эле кезде “Дил кайрык”, “Төк жамгыр”, “Тоң мекеним”, “Көчмөн ыры”, “Улуу элбиз”, “Курдаштар”, “Сезсеңчи жүрөк каалоосун”, “Жубайыма” сыяктуу угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды жараткан таланттын жубайы Фарида МИТАЛОВАны кепке тарттык.
– Фарида айым, жолдошуңуз Бакыт Капаров өзүнүн обондуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн орун алган мыкты обончу, аткаруучу эле. Ал киши менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңыз эле?
– Бакыт экөөбүз бир айылданбыз. Кала берсе эки-үч үй өтүшкөн кошуна да элек. Бир мектепте да окудук. Кудайдын жазганы экен, нике кайып буюруп кийин экөөбүз баш кошуп, үй-бүлө куруп калдык. Баш кошкон жылдары башка жаш үй-бүлөлөрдөй эле көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Шаарга алгач келген жылы Бакыт медициналык училищеде көркөм жетекчи болуп иштеп, ошол жерде эки жыл жашадык. Андан кийин ал шаардагы №36 мектепте мугалим, чарба жетекчиси, кароолчу болуп иштеп, бир жыл ал мектепте да жашап калдык. 1998-жылы ушул жер участогун алып, 2000-жылы толук бүтө элек үйүбүзгө көчүп келгенбиз. Анан акырындык менен үйдүн калган жактарын бүтүрүп алдык.
– Бакыт байкени жакындан билгендер адамгерчиликтүү, бала кыял, сыйлык-наамга жулунбаган адам болчу дешет. Ал киши үйдө кандай жолдош, ата эле?
– Ооба, ал өтө токтоо, баёо мүнөз болчу. Балдарга мээримдүү ата болду. Албетте, балдары ашынып кеткенде катуу-рак урушуп да койчу. Бирок, бир аздан кийин эле жумшарып балдарын эркелетип, көңүлүн көтөргөнгө аракет жасачу. Эл айткандай эле меймандос, адамдардын баарын бирдей көргөн адам болчу. Анын өзгөчөлүгү ичи тарлык, көралбастык бар жерге аралашкысы келчү эмес.
– Бул кишинин “Дил кайрык”, “Кыргыз көчү”, “Улуу элбиз” сыяктуу мыкты чыгармаларын угуп жүрүп кийин “Жубайыма” деген ырын да угуп калдык. Бул обонун сизге билдирген ыраазычылыгы деп түшүнсөк болот окшойт…
– Негизи Бакыт текстке абдан маани берчү. Кайсы бир акындын ыры жагып калса ага жакшы обон чыгарганга жан дили менен киришип кетчү. Ушул ырдын бир куплетин фейсбуктан окуп калып, жактырыптыр. Анан ырдын авторуна байланышып, калган текстин жөнөтүүнү суранды. Ырга обон чыгарган соң авторду анча жакшы тааныбай туруп эле үйгө чакырды. Аны менен кечке отуруп, тексттин оңдоочу жерлерин оңдоп, түздөштү. Ошентип “Жубайыма” ыры чыгып калган. Ырды укканда абдан сүйүндүм. Биз 28 жыл бирге өмүр сүрдүк. Ошончо мезгилден бери акыры мени баалаптыр деп ичимен ыраазы болдум. Өкүнүчтүүсү, бул ыры жолдошумдун акыркы ыры болуп калды.
– Жаңы чыгарган обондорун сизге ойноп берчү беле?
– Обон жаратса мага ырдап берип, кандай болгонун сурап калчу. Музыкалык билимим болбогону менен жүрөккө жакын чыккандарын “жакшы чыгыптыр” десем жаш балача сүйүнүп “негизи сага жаккан ырларым элге да сиңимдүү болот” деп калчу.
– Биздин билишибизче ал салмактуу акындар менен көп иштешти. Анан сиз айткандай авторлордун көбүн үйүнө чакырчу экен. Бул ал кишинин, сиздин чыгармачыл адамдарга болгон сый-урматыңыздардан болсо керек…
– Азыр айтканымдай ыры жаккан акынды Бакыт үйгө чакырып, эртеден кечке ыр үстүндө иштешчү. Качан чыгарма жеткиликтүү иштелип чыгып өзүнүн да, автордун да купулу толгондо гана акынды үйүнө коё берчү. Бакыттын өзгөчөлүгү, акындардын китептерин эринбей окуп, жаккан ырлардын, ыр саптарынын астын сызып чыкчу. Кийин ошол сызгандарына кайра кайрылып обон жаратчу.
– Фарида айым, Бакыт байкени эскерип отуруп эски жаратыңыздарды козгогонго туура келип жатат. 2004-жылы 6-7 жаштагы Исманбек, Иманбек аттуу эки уулуңуздарды жоготуп, алардын күйүтүн да абдан тарттыңыздар. Бул окуя кандайча болгонун айтып бере аласызбы?
– Азыр ал күндү эскерүү мен үчүн абдан оор. Агезде да ушул үйдө турчубуз. 2004-жылы 4-августта балдар сыртта ойноп жүрүп эле жоголуп кетти. Бакыт андан эки күн мурун иштеп келейин деп Астанага кеткендиктен табылып калар деген ойдо ага кабарлаган жокпуз. Жамандыкка жорубай балдар туугандардыкына же бирөөлөрдүкүнө кетип калдыбы деп да ойлодум. Эки күн бою балдардын дайыны чыкпагандыктан Бакытты чакырттык. Ал келгенге чейин милицияга балдар тууралуу кабарлаганбыз. Бакыт келгенде кайра милицияга барып арыз жазгандан кийин гана алар издеп башташты. Биз да жөн турбай болгон жерлерден издеп, Россиянын “Жди меня” телеберүүсүнө да бердик. Анан Казакстандын “Баурым” телеберүүсүнө Бакыт өзү барып катышып, издөө салып келди. Бирок эч кандай натыйжа чыккан жок. Азыркыга чейин бул иш жабыла элек. Милиция кызматкерлери ыкчам аракет кылып, жакшылап издесе табылып калмак беле, билбейм.
– Бир маегинде Бакыт байке “Балдарыбыз жоголгондо жубайым экөөбүз ыйлай берип акыры эки башка жолго түшүп, кийин кайра табыштык” дептир…
– Ошол кезде Бакыт экөөбүз тең абдан чөгүп, кайгыдан улам сөз көтөрө албай урушуп кетип жаттык. Анан экөөбүз эки жакка кетип, үч жылдай бөлөк жашадык. Бакыт шаарда калып, мен айылыбыздагы төркүнүмө кеттим. Ошондо азыркы улуу уулубуз Боламан 7 айлык болчу. Ал уулубуз төрткө чыкканда экөөбүз кайра элдешип, бирге жашап калдык. Менимче, бири-бирибизсиз жашай албасыбызды түшүндүк окшойт. Жарашкан соң дагы бир уул, бир кыздуу болдук. Бирок Бакыт жоголгон балдарыбыздан такыр үмүтүн үзгөн жок. Азыр да аларды кирип келчүдөй күтө берем (Жашып).
– Эки уул, бир кызыңыздардын азыр кимиси музыкага шыктуу?
– Үчөө тең эле музыкага жакын, жөндөмдүү. Кызыбыз Таңсулуу беш жылдан бери музыкалык мектепте окуп жатат. Ал фортепианодо жакшы ойнойт. Кичүү уулубуз Кудрет бир аз комуз чертет. Улуу балабыз Боламан нота билбегени менен уккан музыкасын фортепианодо кайра ойноп бере алат.
– Адатта чыгармачыл адамдар динден оолак болушат эмеспи. Бирок, Бакыт байке дайыма намаз окучу экен…
– Жолдошум ошол эки балабыз жоголгондон баштап беш маал намаз окуй баштаган. Кийин үч күндүк даабаттарга да чыгып жүрдү. Башка адамдардай эле Кудайга бекем ишенгендиктен көзү өткөнгө чейин намазын үзгөн жок. Дин жолундагылар менен да жакшы алакада болду.
– Маалымат каражаттары өмүрлүк жолдошуңузду инсульттан каза тапты деп жазып чыгышты. Буга чейин ооруп жүрдү беле?
– Ден соолугу жакшы эле болчу. Бирок, кээде кан басымы көтөрүлүп калганда дары ичип, ооруканага жатып дарыланып турчу. Кийинки убактарда дарысын бирде ичсе, бирдей ичпей коюп жүрдү. Мында да кан басымы көтөрүлүп кетип ооруканадан кайтыш болуп калды. Таң калганым, ал каза болордон бир күн мурун мага паспортун таптыртып, “Кыргызпатентке” барып акыркы ырларын өткөргөн. Ошондо “менин 73 ырым бар экен” деп аябай сүйүнүп келди.
– Чыгармачыл адамдын жубайы болуш оор деп калышат…
– Ооба, ал жагы бар. Бакыт обон чыгарарда өзү менен өзү болуп, күнү менен түнү алмашып калчу. Алдына койгон тамакка да анчейин маани бербей, он күндөй, кээде бир айдай башка дүйнөдө болуп калар эле. Андайда аны жайына коюп, алагды кылчу эмеспиз. Бир кайрыкты кайра-кайра кайталап, оңдоп жатып араң чыгарчу. Обонго кирип кеткенде бир шылтоону айтып бала бакчадагы, мектептеги ишине да барбай койгон учурлары болду.
– Сиз айткандай 70тен ашык чыгарма жаратып, эч кандай мамлекеттик наам деле албаптыр. Ушуга өкүнгөн учурлары болдубу?
– Анын бир кемчилиги эч качан сыйлык, наамга жулунчу эмес. Өзүнүн чыгармаларынын жакшы чыкканына каниет алчубу, айтор, андайга өзү да аракет кылбады. “Эмгегимди баалашса өздөрү берер. Мынча обон жараттым эле деп мен кантип жалдырап барам” деп гана койчу. Бирок, бир-эки курдай “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер” сыйлыгына документ тапшырды. Комиссиядан өтпөй калдыбы, айтор, наам берилген жок.
– Чыгармачыл адамдардын кызык окуялары көп болот эмеспи. Бакыт байкенин бир окуясын айтып бербейсизби?
– Бир жолу үйгө акын Нурлан Калыбеков менен дагы бирөө алагүү болуп келишип ырчы Гүлнур Асанованын апасы чакырып жатат деп Бакытты аккордеону менен алып кетти. Жолдо баратышып алар базардан да ар нерсени алышыптыр. Ал жакка барганда үчөө баштыктарды көтөрүп кабаттуу үйгө чыгып кетишет. Баягы таксист да багаждагы аккордеонду бергенди унутуп кетип калыптыр. Анан баягылар бака-шака түшүп бир топ отурушат. Гүлнурдун апасы ырларын көргөзүп, Гүлнур комуз менен ырдап берет. Бир кезде Нурлан “Эми Бакыт, өзүң бир жакшы ырларыңдан ырдап берчи” десе эле баягы аккордеон жок болуп чыгат. Бакыт дароо эле мага чалып “Фарида үйгө аккордеон бардыбы? Баягы таксисттин багажында калып калыптыр” деп сурап жатпайбы. “Таксист келген жок” десем, “Ушу сенин маанайың бузулганда эле менин ишим артка кетет” деди. Жолдо бара жатып таксист “Эртең машинамды базарга алып чыгам” деген экен, эртеси Бакыт машина базарга барып таксистти таппай келди. Айласы кетип кийинки күнү баягы Нурлан таксиге отурган жерге барса баягы таксист ал жердегилерге “Бир байке аккордеонун издеп келсе мага чалсын” деп номерин таштап коюптур. Ошентип аккордеону кайра табылган.
Мелис Совет уулу , “Кыргыз Туусу”