whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарОш облусунда үлүштүк гранттардын эсебинен 86 долбоор ишке ашырылат

Ош облусунда үлүштүк гранттардын эсебинен 86 долбоор ишке ашырылат

Ош облусу боюнча 2024-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 257,3 млн. сом суммасында 86 долбоор бекитилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Анын ичинде:

• Кара-Кулжа районунун 12 объектисине 35,3 млн. сом;
• Араван району — 7 объектиге 21,8 млн. сом;
• Кара-Суу району — 18 объектиге 61,8 млн. сом;
• Ноокат району — 18 объектиге 54,6 млн. сом;
• Алай району — 4 объектиге 12,0 млн. сом;
• Өзгөн району — 20 объектиге 52,3 млн. сом;
• Чоң-Алай району — 7 объектиге 19,5 млн. сом;
Жалпы:
• 34 мектепке — 95,1 млн. сом;
• 31 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине — 100,3 млн. сом;
• 5 спорттук курулуштарга— 16,1 млн. сом;
• 4 маданий маанидеги объектилерге — 13,4 млн. сом;
• 12 бала бакчага — 34,2 млн. сом.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар — жергиликтүү бюджеттердин жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн тартылган башка каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар