whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкектин көчөлөрүндөгү чуңкурлар оңдолууда

Бишкектин көчөлөрүндөгү чуңкурлар оңдолууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордогу чуңкурларды оңдоо иштерин улантууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кемчиликтерди жоюу боюнча бригада дем алыш күндөрү Л.Толстой көчөсүндө Т. Фрунзе көчөсүнөн Ж. Гвардия бульварына чейин (түштүк тарабы) иштешкен. Ал эми азыркы тапта түндүк тарабында иш алып барышууда.

Мындан тышкары, иштер Кулиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Токтогул көчөсүнө чейин жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү Курманжан Датка көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектиси боюнча Лермонтов көчөсүнөн Т. Молдо көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Исанов көчөсү Ташкент көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Манас проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде, ошондой эле Юнусалиев көчөсү, 102/4 даректеринде жыйынтыкталды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар