Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салды.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын Н.А.Н., К.А.Б., Т.А.А. аттуу жарандарынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.