Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Сокулуктагы жерлерди мыйзамсыз сатып жүргөндөр кармалды

Сокулук районундагы мунапыстагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу менен алектенген “жер мафиясынын” мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга ылайык мунапыс берилген жер тилкелерин алдамчылык жолу менен мыйзамсыз сатуунун туруктуу схемасы аныкталып, алардын уюштуруучулары К.А.А. жана К.К.К кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Тактап айтканда, “Гектарщик” жер мафиясы дегендердин мүчөлөрү алдамчылык схемасын уюштуруп, мурда мунапыс алган жер тилкелерине ээлик кылып, потенциалдуу сатып алуучуларды таап, аларга жер тилкесин тескөө боюнча ишеним каттарды беришкен.

Жер тилкелери үчүн акча каражаттарын алгандан кийин, алар Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, сатып алуучуларга мүлккө болгон укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк берген эмес.

Учурда, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук райондук бөлүмүнүн кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар