whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкУКМК "жер мафиясынын" уюштуруучуларын кармады

УКМК «жер мафиясынын» уюштуруучуларын кармады

Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча каралган кылмыштын белгилери туралуу катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл аймактарынын аймагындагы 11 гектар жер тилкесине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу үчүн соттун чечимдерин бурмалоо, мамлекеттик органдардын ишин жасалмалоо фактылары аныкталды.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси М.Ш., ошондой эле жер мафиясынын уюштуруучулары С.А. жана Р.М. кармалды.

Алар Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар