РЕДАКЦИЯДАН: Быйыл төл башы гезит “Эркин Тоонун” (“Кыргыз Туусу”) 100 жылдык мааракеси белгиленет. Гезитибиздин саргайган барактарында сакталган маалыматтар – элибиздин кылым ичиндеги тарыхы, басып өткөн жолу. Айрыкча, гезитти чыгарган кыргыздын туңгуч интеллигенция өкүлдөрү тууралуу маалыматтар тарых-маданиятыбыз үчүн өтө маанилүү. Белгилей кетүүчү нерсе, “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезитинин тарыхына илимий өңүттөн мамиле кылган жаш журналисттерибиздин аракети кубандырбай койбойт.
«…Эркин Тоонун» биринчи санынан тарта узак жылдарга чейин редакциянын жооптуу секретары болгон, кыргыз көркөм адабиятына негиз салгандардын бирөө таланттуу акын, прозаик, драматург, сонун котормочу Сыдык Карачев эле…» (К. Маликов, «Советтик Кыргызстан» гезити, «Эркин Тоонун боорунда» аттуу макаласынан, 1958-жыл 14-август).
Жайдак, жаңы тирдик, тогуздан тогоосу жок редакция
“Эркин Тоодо” алгачкы иштегендердин арасынан буга чейин гезит чыгаруу тажрыйбасы бары жалгыз гана Сыдык Карачев болгон. Бул жагынан аны кыргыздын туңгуч кесипкөй журналисти десек аша чапкандык болбойт. Ал 1921-1923-жылдары Ташкенттеги В.И. Ленин атындагы аскердик окуу жайын бүтүрүп, Караколдогу “Союз кошчу” уюмунда иштеп жаткан учурунда “Эркин Тоого” чакыртылып, гезиттин жооптуу катчысы болуп дайындалат. Мунун да өз жүйөсү бар эле.1918-1919-жылдары Алматы калаасында казак-татар тилинде чыгып турган «Көмөк», «Тилши», «Шолпан» өңдүү басма сөздөргө анын ырлары, публицистикалык макалалары байма-бай жарыяланып турган. Гезиттер менен тыгыз кызматташып, кыргыз, казак, татар жана орус тилдеринде бир канча сабаттуу чыгармаларды жазып жарыялаган. Аны менен катар мезгилдүү басылмаларды чыгаруу техникасы, жол-жоболору менен да жакшы тааныш болгон.
Сыдык Карачев Ташкентке келээри менен алгачкы улуттук басма сөздү чыгаруу ишине баш оту менен киришет. Бирок, жаңы тармакка чыйыр салуу оор мээнетти талап кылган. Бул тууралуу Зияш Бектенов мындайча эскерет: “Сыдык Карачев “Эркин Тоо” газетасын “он экиден бирибиз, уй байларга жибибиз жок”, же адабий кызматчысы, же материал көчүрө турган машинисткасы, же кыргыз тилин түшүнө турган арип терүүчүсү жок кезде чыгарып, аны караңгы элге таратып, уйкусунан ойготомун деп жүрүп, далай азап тартканын анын “Ал күндөрдө” аттуу эскерүүсүнөн ачык көрүүгө болот”.
Гезитти басып чыгарууда болгон кыйынчылыктары тууралуу С. Карачев “Кызыл Кыргызстан” гезитине 1927-жылы төмөнкүдөй эскерүү жазган:“…Мурунтан басма сөз иши менен тааныш болбогондуктан, иште көп оордуктар болду. “Башкарманын” өзүнчө басмаканасы, кеңсеси жок. Гезитти бастыруу үчүн керектүү материалдарды чөнтөккө солоп алып шаарды карай жөнөйбүз. Шаардан басмакана турган жерге дейре 5 чакырымдай бар. Эски шаардын ылайына батып көлөштү баткакка сордуруп, сороңдоп жүрүп араң жетебиз. Басмаканада кыргызча терүүчүлөр жокко эсе. Үйрөнүп жаткан кыргыз балдары болсо жакшылап үйрөнүшө элек”. Кыскасы жаңыдан түзүлүп жаткан рес-публикалык чоң газетаны, өзү айткандай: “Жайдак, жаңы тирдик, тогуздан тогоосу жок редакцияда” майда-чүйдөсүнөн өйдө башкарып, жанын үрөп чыгара баштаган.
“Сыдыксыз газетанын чыгышы күмөн болчу”
Ал эми ошол кездеги “Эркин Тоо” гезитинин орфографиясына жооптуу болгон К.Карасаев аны мындайча эскерген: “С.Карач уулу газетанын кийинки саны кандай түрдө чыгышы жөнүндө “Правда Востока” газеталарын алдына жайып коюп, макетин түзчү. Анда мен “макет” эмне экенин да билчү эмесмин. Сыдык мага: “Жакшылап көчүр, имла (термин) катасы кетпесин, сен ошого жооптуусуң!” – деп ар дайым эскертчү. Сөздүн кыскасы, бизге басма иши боюнча “баш тоголоткон” Сыдык эле. Сыдыксыз газетанын чыгышы да күмөн болчу”.
Аалынын ырын биринчи чыгарган
“Эркин Тоонун” биринчи санына Сыдык Карачевдин “Эркин-Тоого” деген ырын жарыялоону гезиттин жамааты туура көрүшөт. Бирок, бул чечимге Сыдык макул болбой: “Жок, газетанын Октябрь майрамы күнү чыкканы жатат. Ал бардыгыбызга эрк алып берген Улуу Октябрь. Ошондуктан биринчи санга Аалынын ырын чыгаралы”, – деп көшөрүп коёт. Ошентип 1-санына жаңыдан чыгармачылыкка аралашып келе жаткан Аалы Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ырын жарыялаган. Анын бул кадамы ак жүрөктүүлүгүн, айкөлдүгүн, калыстыгын далилдеп турат. Ошондо биринчи бетке жарыяланбай калган “Эркин Тоого” деген ырынын биринчи куплети:
“Эркин Тоо”, сен элиңе сапар тартып
Жөнөлгүн журт милдетин мойнуңа артып.
Элиңди калың кара сен арала,
Тоо-ташы, ою-кыры, көлүн чарпып… – деп башталып,
«Эл муңун кем-кемтигин – баарын сүйлө,
Арманын жаңылбастан дайын сүйлө.
Көз жашын сүрт, эркелет, маңдайын өп,
Кыргыздын илгерилер күнүн күүлө!…” –деген саптар менен коштолгон.
Анын “Эркин Тоонун” жарык кө-рүшүнө арналган бул ыры 26-ноябрда гезиттин экинчи санына “Айкын” деген адабий псевдоним менен жарыяланган.
Башкаларга окшобогон поэзиясы
Ал кара сөздүн гана майын калпыбай, анча-мынча поэзияга да аралашып, ырларды жаратып турган. Анын кыргыз поэзиясында башкалардыкына окшобогон өзүнүн стили бар экенин белгилүү сынчы Салижан Жигитовдун айтканы бар: «…Сыдык башка акындар жылаңач бойдон түз эле айтып таштаган идеяларды санжыргалап, өзгөчөлөп, кайманалап, жаңыча троптук каражаттар, ритмикалык курулуштар, строфалык уюшмалар аркылуу туюндурууга далбас кылган…Кыргыз ырын жаңыча ритмикалык алкактарга салып, жаңыча уйкаштыруу ыктарын колдонуп, бир кыйла татаал формада сүйлөтүүгө күч үрөгөнү таасын байкалат”.
Мыкты котормочу болгон
С.Карачев “Эркин Тоодо” 1924-жылдан 1930-жылга чейин иштеген. Бул убакыт аралыгында ал ар кандай темадагы макалаларды, очерктерди, фельетондорду, адабий рецензияларды жазып, гезитке жарыялап турган. Текст менен иштөөдө да С. Карачевдин башкалардыкына окшобогон өзгөчө стили болгонун айтышат. Буга, Саткын Сасыкбаевдин макаласындагы: “Сыдык Карачевдин жазгандары, бөтөнчө тили, сөзүнүн тизмеги, жатыктыгы, тактыгы жана түшүнүктүүлүгү жагынан мага абдан жакты”, – деген эскерүүсүн мисал кылсак болот. Аны менен катар башка тилдерден адабий жана публицистикалык материалдарды кыргызчага которууда да алгылыктуу иштерди жасаган. Бул тууралуу Кыргыз эл акыны Абдурасул Токтомушевдин: “С.Карачевдин орус, өзбек, казак, татар тилдеринде жакшы сүйлөп, жазганы бул тилдердеги адабий жана публицистикалык тексттерди кыргыз тилине системалуу түрдө которууга мүмкүнчүлүк берген. Ал которгон борбордук газета-журналдардын материалдарын республикалык газета тынымсыз жарыялап турган” – деп эскергени бар.
Ошто “Кызыл пахтачы” гезитин чыгарат
Ал канчалык чыгармачылык менен журналистиканы эриш-аркак ала жүргөнгө аракет кылбасын, анын кыйла убактысы гезит чыгарууга, басма иштерине корогон.
Улуттук адабияттын жана кыргыз журналистикасынын пайдубалын түптөөдө чоң орду бар Сыдык Карачев «Эркин Тоо» гезитинде алты жыл үзгүлтүксүз эмгектенген. Ал түрдүү редактор менен иштешкен алты жылында гезитти баркынан кетирбей бийик кармаган. 1930-жылы райондук административдик башкаруу системасына өтүүсүнө байланыштуу РКП (б) БКнын өнөр жайы жана айыл чарбасы өнүккөн райондордо райондук басма сөздөрдү чыгаруу жөнүндө токтому чыккан. Ушул токтомго ылайык кыйла тажрыйбалуу, дасыккан журналист катары С.Карачев түштүккө жиберилген. Ал Оштогу кыргыз тилинде чыккан «Кызыл пахтачы» газетасына жооптуу катчы болуп дайындалып, аны кыргыз, орус тилдеринде чыгара баштаган.
Акыры атып тынышты
Алгачкы кесипкөй журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, драматург Сыдык Карачев 1900-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак айылында бай-манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Анын бала чагы, үй-бүлөсү жөнүндө маалымат жокко эсе. Атүгүл анын көзү өткөндөн кийин да, чейрек кылымдан ашык убакыт атын атоого тыюу салышкан. Качан гана Кыргызстан өз алдынча эгемендүү өлкөгө айланганда гана ал жөнүндө изилденип, эмгектерине баа бериле баштаган.
Ал Караколдогу татар мектебинде, медреседе окуп кат-сабаты жоюлган. Кыргыз тилинен башка татар, орус тилдеринде окуп, жазып, жаштайынан орус жана күн чыгыш элдеринин көркөм адабиятын кызыгып окуган. Анын алгачкы аңгеме, ырлары татар тилинде чыккан “Шура” гезитине басылып чыккан. Ал эми 1919-жылы “Көмөк”, “Тилши”, “Ак жол” гезиттерине, “Чолпон”, “Жас кайрат” журналдарына чыгармалары үзгүлтүксүз жарыяланып турган.
Ушул эле жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде жергебиздеги улуттук жигиттерден кызыл гвардия бөлүмү түзүлүп, С. Карачев ага катталган. Ал жакта улуу манасчы Саякбай Кара-лаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өткөн.
С.Карачев 1920-1922-жылдары Ташкендеги аскер мектебинде окуп, бирок ден соолугуна байланыштуу бул окуудан чыгып, Караколдогу Союз кошчу уюмунда иштеген. Бирок, 1924-жылы “Эркин Тоо” гезитин чыгарууга чакырылып, Ташкентке кеткен. С.Карачев эл кызматын аркалап, улуттук басма сөздүн пайдубалын түптөөдө бүт күчүн, жөндөм-шыгын жумшап жүрүп, 1937-жылы жалган жалаа менен атылып кеткен. 1955-жылы акталган.
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу” гезитинин сайтынын редактору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин магистранты