whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортКүрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт

Күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт

Бишкекте 19-21-апрель күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири өтөт.

Мелдеште быйыл Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Турнирге чет өлкөлүк спортчуларга тең тайлаша кыргызстандык балбандар да катышат.

Килемге биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча балбандар чыкмакчы.

Алар алты олимпиадалык салмак категориясында күч сынашат: 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг.

Кыргызстандын намысын коргоп, Олимпиадага катышуу үчүн жолдомо алууга төмөнкү балбандар күрөшөт:
— Бекзат Алмаз уулу (57 кг);
— Эрназар Акматалиев (65 кг);
— Орозбек Токтомамбетов (74 кг);
— Нуртилек Карыпбаев (86 кг);
— Андрей Аронов (97 кг);
— Айаал Лазарев (125 кг).

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар