Кыргыз журналистикасынын, адабиятынын, эл агартуусунун алгачкы карлыгачтарынын бири Байсерке Калпаков – “Эркин Тоонун” (“Кыргыз Туусу”) тили мурч, жазганы курч кабарчысы болгон. Анын ошол учурдун олуттуу маселелерин көтөргөн макалалары гезит бетине байма-бай жарыяланып турган. Ошондой эле Байсерке Калпаков кыргыз сатирасынын башында тургандардын бири болгондугу талашсыз. Анын айрым жоруктары бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Белгилүү куудул Келдибек Ниязов кудасы Абдразак Бейшеновдон бул киши тууралуу уккандарын жазып келиптир.
Акын, журналист – Байсерке Калпаков
Байсерке Калпаков 1882-жылы Тоң районунда жарык дүйнөгө келип, медреседе окуп кат-сабатын жоёт. Кийин Алматыдан окуп келип Тоң, Жер Үй, Көөдөй, Төрткүл айылдарында мектеп ачып, балдарды окуткан. 1918-жылдан тарта ал “Тилчи”, “Көмөк”, “Кембагалдар авазы”, “Эркин-Тоо” гезиттеринде иштеген. Башка акын-жазуучулардай эле ошол жылдары Калпаков ар түрдүү адабий, публицистикалык жанрларда өз дараметин сынап көргөн. Анын “21чи корбийа”, “Биздин журт”, “Май майрамы”, “Акмат жана башка Байгана”, “Сагынам”, “8-март”, “Кайгы күн-21-январь” аттуу ырлары “Көмөк”, “Эркин Тоо” гезиттерине жарыяланып, Москвадан чыккан кыргыз акындарынын “Кызыл гүл” ырлар жыйнагына кирген. Анын адабияттагы каймана аты “Шоокум” болсо, сатираларын “Чанчуур” деген ат менен чыгарып турган. Чукугандай сөз тапкыч болгондуктан эл арасында “Байсерке чечен” атыккан. Учурунда ага контрреволюциялык иштерди жүргүзгөн деген саясий күнөө коюлуп, 1937-жылы репрессияланып 1957-жылы кайра акталган.
Ленингежолукканы
Байсерке Тоңдо мугалим болуп иштеп калат. Ошол кезде Каракол уездиндеги союз кошчуда иштеп жүргөн Сасыкбай Сарыков Москвага батрактардын съездине делегат болуп барат. Кайтып келгенде ал элге түлөө өткөрүп, ал жакта көргөн билгендерин минтип айтып берет: “Биздин съездге Владимир Ильич Ленин өзү келип доклад жасады. Съезд бүткөндө ал ошончо кишинин ичинен мени чакырып, алыскы Түркестандан келипсиң деп үйүнө ээрчитип барды. Биз барганда Надежда жеңе кир жууп жаткан экен. Бизди көрө коюп кирин таштап чай берди. Ильичтин үйүндө козунун эти куйкаланган баш-шыйрагы менен бир чара болуп туруптур. Надежда жеңе сырттагы очокко казан асып тез эле этти бышырып келе койду. Эт бышкыча Ильич экөөбүз Түркестандын ал-акыбалы тууралуу сүйлөшүп отурдук. Эт алдыга келгенде этти устукандап, Ильичке козунун башын сунсам, “Жок Сасыке, сиз алыстан суу кечип келген делегатсыз. Сиз алыңыз башты” деп мага берди. Мен баштан ооз тийип, этти күл майда кылып туурап жибердим. Аңгыча Надежда жеңе кесмесин алып келе калды. Ошентип Москвага съездге барып Ленин менен таанышып, Надежда жеңенин чайын ичип, мобу көйнөктү кийип келдим” деп отургандардын оозун ачырат.
Эки жыл өткөн соң Байсерке Москвага мугалимдердин съездине делегат болуп барып келет. Караколдон Тоңго келе жатып Байсерке Жуукудагы бозочулардын үйүнө кайрылып калат. Кирсе төрдө отурган Сасыкбай Сарыков “Кел Байсерке, Москва шаары мен айткандай бар бекен? Көргөн-билгендериңди сүйлөй отур” дейт. Анда ал бозого алагүү болгон элди каратып туруп: “Москвадан сиз көргөн жайлардын баарын көрдүм. Эми укмуш экен. Биздин съездге Владимир Ильич ноокастап калып келбей калды. «Кой айылга барганда Сасыкем сурап калса уят» деп сурамжылап Ильичтин үйүн таап бардым. Дарбазасын такылдатсам Надежда жеңе басып келип: “Ильичтин ноокасы катуу, эч кимди кабыл албайт. Сен кимсиң?” деди. “Мен Түркестандан келген Сасыкбай Сарыковдун инисимин” дедим. “Оо Сасыкбай Сарыковдун иниси болсоңуз кириңиз” деп эшигин ачып жиберди. Кирсем Владимир Ильич дубалды карап жаткан экен “Сасыкбай” дегенди укканда бери карап мандаш токунуп отура калып “Ии иним, Сасыкбай сак саламатта жүрөбү? Менин акыбалым оор. “Жаман айтпай жакшы жок” дейт, эгерде көзүм жумулуп кетсе Сасыкбай бозо ичип жүрө бербей бүт Туркестанды башкарсын” деп Ильич жашып кетти десе Сасыкбай тура калып “Ой энеңди, муну киши экен деп кеп сурасак ой-тоону дөөдүрөйт” деп бозосун ичпей качып кетиптир. Отургандар боорлору эзилип, көпкө чейин күлүп жүрүшкөн экен.
Калпак менен Талпак, беш бала
Байсерке Калпаков Тоң болуштугунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп турганда аткаруу комитетинин президиумунун жыйналышын минтип ачат. “Тоң болуштугунун жыйналышын ачык деп жарыялайм. Жыйналыштын күн тартибинде карала турган маселелер төртөө, алар: 1) Кыдыктын былыгы. 2) Беш бала менен үч баланын иши, 3) Тогуз тоголок бок, 4) Кезектеги иште маселе жок. Жыйналыш башчысы Калпак уулу, катчысы Талпак уулу” дейт. Отургандар дуу күлүп калышат. Каракол уездинен келген уполдомочун ачуусу келип титиреңдеп ордунан тура калып: “Жолдош Калпаков, сиз эмне совет мамлекетинин жыйналышын күлкүгө айландырасыз?” – дейт. Анда Калпаков: “Жолдош уполдомочун, мында эч шылдың жок. Тоң болуштугунда кыдык аттуу негизги уруу бар. Ал уруунун ичинде көптөн бери бүтпөй келе жаткан бир былык иш бар. Биринчи ошол иш каралат. Экинчи маселеде Тоңдо кыдык уруусунан башка беш бала, үч бала деген майда уруулар бар. Ошолордун чатак иштерин чечели. Үчүнчү маселеде “тогуз тоголок бок” дегеним Тоңдо апийимди эл тергеп “бок” деп коёт. Жакында бир адамдан тогуз жың (1 грамм) апийим кармалган. Ошону президиумда токтом чыгарып акоспого (милиция) тапшырышыбыз керек. Бөлөк маселе жок, сизде болсо айтыңыз” дейт. Анан менин атамдын аты Калпак, катчы баланын атасынын аты Талпак. Ишенбесеңиз биздин паспортторубузду караңыз” дептир кайран Байсерке.
Калпаковский көчөсү кайдан чыккан?
Байсерке “Эркин Тоо” гезитинде иштеп турганда Фрунзе шаарынын күн чыгыш жагындагы үйлөрдө жашап калат. Дем алыш күндөрү Байсерке эшик алдындагы отургучта отурса эки орус милиция кызматкери келип: “Бул көчөнүн аталышы кандай?” деп сурайт. Тамашасы таңды атырган Байсерке ойлонбой туруп “Калпаковская” дей салат. Ошентип ал көчө кырк жылдай “Калпаковская” көчөсү болуп жүрүп кийин гана Карпинский көчөсү болуп өзгөргөн.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”