Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч. Жыл башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 8 миңдей учуру катталды. Өзгөчө Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарында күч алууда.
Бул оорунун кулач жаюусуна эмне себеп жана анын санын кыскартуу үчүн эмне кылуу керек? – деген суроолор менен Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Сатыгуловна Ишенапысовага кайрылдык.
– Гүлбара Сатыгуловна, учурда кызамык оорусу абдан күч алып жатканын угуп, көрүп жатабыз. Бул ооруга кабылгандардын саны кескин өсүшүнө эмне себеп болууда?
– Тилекке каршы, биздин өлкөдө гана эмес дүйнө жүзүндө кызамык боюнча кырдаал курч болуп жатат. Анткени, пандемия учурунда балдардын эмдөөсү кескин түшүп кеткен. Башкача айтканда, кызамыкка каршы эмдөөлөр жасалбай калган. Дегеле жалпы эмдөөнүн диаграммасы түшүп кеткен. 95%дан жогору болуп тура турган көрсөткүч 90%га түшүп калган. Ал эми эмдөөнүн 1 пайызы 3-4 миңге чейинки балдар болот. Ошол себептен, эмделбей калган балдардын ооруга кабылган учурлары каттала баштады. Бүгүнкү күндө жыл башынан бери 8209 учурду каттадык.
– Башка аймактарга салыштырмалуу Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында абал оор экен. Эмне үчүн?
– Анткени, дал ушул облустарда эмдөөдөн баш тарткандар көп. Былтыркы жылы да ушул облустарда көп катталган. Быйыл да аты аталган аймактарда 1000 ден өйдө болууда, калган аймактарда 100дөн жогору.
– Оорунун санын азайтуу үчүн кандай ыкчам чараларды көрүп жатасыздар? Ошол эле баш тарткан ата-энелер боюнча?
– Кызамыкка каршы күрөшүү үчүн бир гана Саламаттык сактоо министрлиги эмес, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министрлиги кол кабыш кылып жатат. Андан сырткары ЖМКлар аркылуу ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн жардамы менен мектептерге чоң-чоң жыйындарды өткөрүп, ата-энелерди чакырып, кызамык боюнча маалыматтарды болушунча таратып жатабыз. Саламаттык сактоо министрилиги кошумча эмдөө кампанияларын өткөрүп жатат. Кызамыктан бир гана эмдөө аркылуу сактана аларыбызды жеткирүүнүн үстүндөбүз. Азыркы күндө ар бир ата-эне өлкөнүн коопсуздугу жөнүндө ойлонуп, кырдаалдын курч экенин түшүнүшү керек. Тилекке каршы, баш тарткандар дагы деле көп. Былтыркы жылы 20 миңдей ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартышкан.
– Ата-энелер эмнеден улам эмдөөдөн баш тартышат?
– 2001-жылдагы мыйзам боюнча жарандардын эмдөөдөн баш тартууга укугу бар. Мындай баш тартуу 2012-жылдан бери катталып келет. Ошонун натыйжасында 2014-2015-жылы дагы бизде өзгөчө кырдаал жаралып, ооругандардын саны 17 миңге жеткен. Жылдан-жылга андай ата-энелердин саны өсүүдө. Ар кандай диний көз караштар менен баш тарткан ата-энелердин саны 48 пайызды түзсө, калгандары күмөн саноо, ишенбестик, туура эмес маалыматтарга ээ болгондор. Учурда муфтият менен иштешип, алар да бизге жардам берип жатат. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комитети бар, алар да карап турган жок. Казыяттар жардамдашууда. Бирок, тилекке каршы биз күткөн жыйынтыкты бере албай жатат.
– Бизде кызамыкка каршы вакцина жетиштүүбү?
– Ооба. Бул кырдаал өкмөттүн дагы көзөмөлүндө. Өкмөт тарабынан 21 млн. сом каражат бөлүнүп, бүгүнкү күндө 265 миң кошумча доза алынып келинди. Буга чейин Глобалдык эмдөө жана иммунизация альянсына сунуштама жазып, ошонун негизинде 1 млн. доллардык 755 миң доза алганбыз. Бүгүнкү күндө ошол дозаларды колдонуп жатабыз. 14-мартта өлкө боюнча эмделе элек балдарды өзүбүз издеп таап, мобилдик бригадалардын жардамы менен эмдөө кампаниясын баштаган турабыз.
– Кызамыкка каршы эмдөө 1 жаштагы жана 6 жаштагы балдар арасында жүргүзүлөбү?
– Мурдагы календарлык план боюнча 1 жана 6 жашта сайылчу. Азыркы кырдаалга байланыштуу, биз календарлык планга өзгөртүү киргизип буйрук менен бекиттик. Эми биринчи дозасын 1 жашта, экинчи дозасын 2 жашта ала башташат.
– Сиздердин божомол боюнча, көрсөткүч дагы канчага чейин көтөрүлүшү мүмкүн?
– Кызамык оорусу кыш жана жаз айларында курчуйт. Азыр бир жумада 300-400гө чейин катталып жатат. Ушунча иш-чаралар, аракеттер өзүнүн натыйжасын берет деп
ишенем.
Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”