Суу ресурстары кызматына 2024-жылы 7,3 млрд. сом бөлүү каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- мамлекеттик инвестициялар — 3 589,3 млн. сом;
- атайын каражаттар — 126,7 млн. сом;
- бюджеттик каражаттар — 3 614,8 млн. сом.
Мындан тышкары, 2024-жылга республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 1 млрд. сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик буйрутмалардын негизинде 222,5 млн. сом өлчөмүндөгү каражат каржыланды.