Президент Садыр Жапаров коңшу мамлекетке Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен баратат.
Сапардын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 6-жыйынына катышмакчы. Астанада «Манастын» эстелигинин ачылыш аземи күтүлүүдө.
Президентти министрлер, облус башчылары, бийлик өкүлдөрү коштоп кетти.