whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
16.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

Бүгүн, 23-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Мамлекеттик китеп палатасы USAID “Окуу керемет” долбоору менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган “Китеп – жан дүйнөнүн майрамы” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары – Улан Исмаилбеков, Жазуучулар Союзунун директору Жедигер Саалаев, USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун директору Сауле Хамзина жана Кыргыз эл акындары катышып сөз сүйлөштү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова өз сөзүндө билим, акыл-эс, маданиятты өстүрүүдө, тарбиялоодо кыргыз китептеринин ролу  эбегейсиз  экендигин айтып, министрлик улуттук китеп чыгарууга байланышкан бир топ алгылыктуу иштерди жасап жатканын баса белгиледи.

Иш чарада студенттер жана мектеп окуучулары театр оюндарына, ар кандай конкурстарга, мелдештерге, сүрөт тартуу мастер-класстарына катышып  кызыктуу маалыматтарга ээ болушту.

Китеп күнүнүн негизги максаты – балдар жана жаштардын арасында, окуу маданиятын көтөрүү, өлкөбүздүн коомдук жана маданий өнүгүүсүнө салым кошуу.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар