Жалал-Абад медициналык колледжинин менчиктештирилип кеткен 469 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен Жалал-Абад медколледжине таандык болгон 469 чарчы метр жер тилкеси М.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берип салган. Прокуратура базар баасы 9 млн. 769 миң 200 сомду түзгөн 469 чарчы метр жер тилкеси Жалал-Абад медициналык колледжинин балансына кайтарды.