Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Эшенкул БАРПИЕВ: “Жакшы тойлор, анда айтылган сөздөр элдин эсинде калат”

– Эшенкул аба, жарчылык кесипти аркалап келаткан чечендик өнөрдүн өкүлү катары кыргыздын каада-салттары кандай өзгөрүүлөргө учураганын байкайсыз?

– Улуттук нарк-насил, каада-салт сырттан таңууланбайт. Ал табигый түрдө, элдин эл болуп пайда болушу, түптөлүшү, калыптанышы менен кошо жаралып жүрүп отурат. Бул табияттын мыйзам ченемдүүлүгү. Улуттук каада-салттар мына ошол жакшылык менен жамандыктардан улам келип чыккан, кылымдар бою келаткан нерсе. Тагыраагы, ырым-жырым, каада-салт, той-топур бала төрөлгөндөн башталат. Анан адам жарык дүйнөдөн узаганча, той менен аш болуп коштоп жүрүп отурат. Бешик той, жентек той, тушоо кесүү, түндүк көтөрүү, үйлөнүү үлпөтү ж.б… Бул илгертен калган каада-салттар. Улуттун өзү менен келаткан салттуу тойлор – бул улут менен кошо жаралган, энчиленген. Ага тийишпешибиз керек.

– Тойдун болорунан болоту кызык дечү эле?

– Бизде Таласта, кытай уруусунда той болорунан бир жума, кээде бир ай мурда бир козуну союп, тууган кеңеш чакырат. Той боло турган үйдүн тушуна кызыл желек байланып, тойдун шааниси бир ай, бир жума сезилип турат. Аксакалдар келип, кеңеш курушса, жигиттер кызмат кылышат. Келиндер өз кызматын кылышат. Ар кимдин өз милдети болот, ар кимге милдет артылат. Тойдун маңызы бир уруу элди, бир айыл элди ынтымак, кепке чакырганында да. Санжыра кептер сүйлөнөт. Ошол уруудан, элден чыккан баатырлардын, мыктылардын окуялары жаш балдарга сабак иретинде айтылат. Азыр бул айыл жеринде бар. Шаар жеринде да кездешет. Туугандардын башы бириккен жерде сөз жок, ата-бабаларды эскеришет, бири-бирин толукташат. Байбичелер келиндерге өз насааттарын айтып, жөрөлгөлөрүн үйрөтөт. Тойдун болорунан болоту кызык дегендин маңызы ушул жактабы дейм.

– Тойдун да философиясы бар эмеспи?

– Ооба, бар. Болгондо да кандай. Тойдун максаты эмне? Кыргыз эмнеге дасторкон жайып, төгүлүп-чачылган? Байманасы ташып, дүйнөсүн батыра албагандыктанбы? Жок. Биз батага, сөзгө маани берген элбиз. Бул илгертеден калган жөрөлгө. Бардык каада-салттар балага бата алып берүү жөрөлгөсүнөн улам келип чыгат жана уланып жүрүп отурат. Бата эң башкысы, ал эми дасторконго эмне коесуң, эмне соесуң, ал өтө деле маанилүү эмес. “Аш көп болсо, каада көп” деген ашыра ысырапкерчилик кийин-кийин пайда болду.

– “50 жылда эл жаңы” болуп, тойдун формалары өзгөрүп, балама бата алперсем деген изги ниет экинчи планга өтүп кетти окшойт?

– Туура айтасың. Тойдун формалары өзгөрүп, 50, 60, 70, 80, 90 жылдык юбилейлер кийинки заманда эле пайда болду. Бул кыргыздын каада-салтына жатпайт. Каалайбызбы, же жокпу, бирок, биз мындан кача албайбыз, бул тойлор канчалык кан-жаныбызга сиңет, аны азырынча айтуу кыйын. Ошентсе да, бул тойлордо, юбилейлерде кыргызга тиешелүү бир нерсе – ак бата калышы керек. Келген эл той ээсине, дасторконуна, бала чакасына жакшы тилегин, батасын айтып кетүүгө тийиш. Ушул нерсе, алдыңкы планга чыгып, тойдун башынан аягына чейин кызыл сызык менен өтүүгө тийиш.

Тойдун дасторконуна канча салат коесуң, канча тамак берилет, тойдо ким ырдайт, кайсы ырчылар келет, ал эң башкысы болбоого тийиш. Көпчүлүк тойлордо элди тажаткан нерсе ушулар, айрыкча ысырапкерчилик болууда. Ысырапкерчиликтин элдик каада-салтка тиешеси жок. Ал ысырапкерчиликти биз адамдар өзүбүз жаратып жатабыз. Андыктан, тойдо эмнелер ысырапкерчиликке алпарат, кайсынысы элди тажатат, ушул жагын караш керек.

– Тойлор калың элдин катмарын төрткө-бешке бөлүп салгандай туюлат, не дейсиз?

– Аралашып жүрөбүз, жашырганда эмне, ашмалтайы чыккан тойлор болуп жатат. Мунун баары билимсиздиктен, тарыхты, ата-бабалардын басып өткөн жолун билбегендиктен, бир сөз менен айтканда, той өткөрүүнүн чыныгы философиясын, түпкү маанисин, маңызын билбегенден улам болууда. Тойду өткөрүп жатып, бата алууга басым кылбай, башка майда-баратка басым жасасаң, той касиетин жоготот да.

– Той бул жеке адамдын жакшылыгы, ким кандай берсе, өз эрки эмеспи?

– Көптөр ошондой ойлошот жана жаңылышат. Мамлекеттин казынасына кол салып жатпасам, байлап койгон союшум бар, тойдун чыгашасын жаба турган катышым, мен да алар той бергенде алып баргам, алар да мага апкелет деп чолок ойлуулук кылышат. Ошентип, ар кимдин деңгээлине жараша жоро-жолдоштору, теңтуштары, катышы бар. Чакыра берет.

Тойлор элди төрт-беш катмарга бөлүп салды дегендин төркүнү ушул жакта. Колунда барлар 5-6 күндүк той берет. Миң киши чакырат. Тоюу түгөнбөйт. Куру намыстан куру эмеспиз, колунда жоктор да карызга батып той бергенге өттү. Бата – куру намыстын басырындысында калды.

Кыргызда “Каргага теңелип каздын буту сыныптыр” деген сөз бар. “Төшөгүңө карап бутуңу сун”, “Жылкыңа карап ышкыр”, “Эрегишпе, эрегиштен эр өлөт” дейт кыргыз. Ушул макалдар ар ким өз чама-чаркына жараша жашаш керектигин каңкуулап турат. Колдон келсе той бер. Жакындарыңды үйүңө чакырып, той берип, бата алпер балаңа. Бата алганга не жетсин. Жамгыр менен жер кандай көгөрсө, бата менен эл ошондой көгөрөт. Ошон үчүн да сөзсүз ресторан жалдаш керекпи?

– Акыркы жылдары тойдун формасын өзгөртөлү деген ойлор, сунуштар айтылып жүрөт. Буга кошуласызбы?

– Албетте, кошулам. Маданият министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясы өтүп, Өкмөт башчы катышып, министрге тойлорду бир эрежеге келтирели деген тапшырма берди. Каада-салтты дебеди, тойлорду деди, тойду эрежеге салса болот. Мен жумушчу топко мүчө болдум.

Тойдо көп ашыкча нерселер бар. Биринчиден, элди бай менен кедейге бөлүп салган көрүнүштү жок кылыш керек. Ысырапкорчулук, тойдун кечигип башталганы, узактыгы, тамак-аштын көптүгү, мунун баары ашыкча. Той үнөмдүү болсо, той ээсине пайда. Маданияттуу болсо, мунун тарбиялык мааниси бар. Үчүнчүдөн, той жуманын ар күнү болот. Эртеси тойго катышкандар кызматка барышы керек. Демек, той ишке кедергисин тийгизбеши оң. Тойдо сөзсүз 4 тамак берип, беш салат коюу зарыл эмес.

Ал эми тойдун маңызы болгон Бата калышы керек. Башка элдерде жок, кыргызда устукан тартуу, уча тартмай сыяктуу каадасы бар. Кудалардын кулдук урмай, келинди жүгүнтүү мунун баары керек. Анын баары улут менен кошо жаралган энчилүү каада-салттар. Калганын, ашыкча тамак-ашты кыскартса болот.

– Тойлордогу оюндарга кандай дейсиз? Кээде оюндарды карап отуруп уяласың го?..

– Бул той ээсине жараша. Той ээси тыйса эле андай уят-сыйытсыз оюндар болбойт. Тойдун жүрүшү той ээсинин кандай адам экенинен кабар берет. Билимсиз, адепсиз тамадалар көп. Кээ бир тамадалар той башталарда келип, той ээси менен жолугат экен. Ушул кантип болсун. Той ээсинин дасторкону бир тең да, жарчынын сөзү бир тең болот. Тойго программа түзүп дайындык көрүш керек. Эненин сүтү, атанын батасы менен келаткан тойлорго, мээнет акыңды жебей, төлөп жаткан той ээсине, анын жакшылыгына кыянаттык жасабаш керек. Мен 10 күн мурда үйүнө барам. Бекитилген программа менен иштейм.

Жарчыга маани бериш керек. Жылкыны сой, дас-торконду титиретип жаса, тамадаң элдик каада-салтты, наркты билбесе, ар кайсыны тапанданып, дөөрүп сүйлөсө, элге көрсөткөн сыйың эч нерсеге арзыбай калат. Тамада тантык болсо, той көңүлдүү болбойт. Ошон үчүн дайыма тамаданы окутуу керек деген идея-ны айтып келем. Искусство университетинин элдик фольклоруна эле кошуп, 6 айлык курсун ачса болот. Жылына 20-30ду окутса, чечендикке үйрөтсө болот. Сертификат берилип, ошонун негизинде иштесин.

– “Жаман үйдү коногу бийлейт” деген кеп бар. Илгери, тойду тууганы, эл билгилери башкарчу эле.

– Ошондой болчу. Сөзсүз эле тамада жалдаштын кереги жок. Сөз билген тууганың болсо, тойду ал деле алпарса болот. Сенин туугандарыңдын кимиси ким экенин билет. А тиги акчасын төлөп жалдаган тамада сенин ким экениңди, конокторуңдун ким экенин билбейт да. Көп учурда таарыныч мына ушундан да келип чыгат. Той ээси өз тоюн көрө билиши керек.

– Өкмөт башчынын аш-тойлорду бир эрежеге салып берсеңер дегенине макулсузбу?

– Арийне. Аш-тойду бир эрежеге келтирүүгө биз даярбыз. Эгер маселе тойдун жарчысында эле болсо, аны чечсе болот. Бирок, мында той-аштын ээсине да байланыштуу. Жаш тамаданы бул жол туура, мунусу туура эмес, мындай кылсаң ата-бабанын арбагы урат, мунусу убал, мунусу кесир, мунусу улук, мунусу ыйык болот десек, ыкка көнөт. Билген тажрыйбаны үйрөтсөк болот. Кыргыздын тилин, улуулугун, жеринин салтын, наркын, ырым-жырымын үйрөтөлү. Ушундан чыкпаса эле оозунан жаман сөз чыкпайт. Адебин, баскан-турганын, сабак ортосунда айтабыз. Устат-шакирт институту болгон. Улут менен кошо келип, улут менен кошо кете турган бул тойлор. Муну токтотуп, азайтып коюуга да мүмкүн эмес. Аны улуттун намысына шек келбей тургандай, улуттун жакшы бир көрөңгөсүн булгап ийбей тургандай өткөрүш кажет. Жакшы тойлор, анда айтылган сөздөр элдин эсинен кетпей, унутулбай айтылып калат.

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар